Menu

Талант Мамытов

Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кетти

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызмат ордунан өз каалоосу менен кетти.

Төрага Талант Мамытов өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтыруудагы парламенттин ролу маанилүү экенин белгилеп: “Жогорку Кеңеш ар дайым эң оор мезгилде жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз милдетин так аткарып келген», – деди жана өлкөнүн Конституциясы баш болгон маанилүү чечимдер кабыл алынганын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Төрага Талант Мамытов кесиптештерине көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматтан кетүү чечими өз каалоосу менен кабыл алынганын баса белгиледи.

Жарандык коом өлкөгө күчтүү парламент керек экенин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар менен 15-сентябрда жолукту.

Жыйынга катышкан жарандык активист Рита Карасартова талкууда жарандык коомдун өкүлдөрү парламентти демократияны чыңдоочу институт катары колдой турганын билдиришкенин журналисттерге айтты.

Карасартованын айтымында, айрым укук коргоочулар Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу бийлик бутагы катары, аткаруу бийлигине көзөмөл кыла тургандай регламент мыйзамын иштеп чыгуусун сунушташкан. Алар өлкөгө күчтүү парламент керек экенин белгилешкен.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламентте “Жогорку Кеңештин жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү” аталышында жыйын өткөнүн кабарлады. Төрага Мамытов жарандык коом институту өлкөдө ар дайым чечүүчү ролду ойноорун билдирген.

“Парламент Конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууда жарандык коом менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Бул жагдайда ачык-айкындуулук Жогорку Кеңештин ишинин маанилүү принциптеринин бири болуп саналат”, – деди Мамытов.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарган. Президенттин соңку кадамын айрым депутаттар парламент институтунун таасирин төмөндөтүү аракети катары баалап жатышат.

БШК спикер Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы, “Ынтымак” партиясы менен парламенттик шайлоого бара жаткан Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

“Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон саясий мамлекеттик кызматты ээлеген адам кызматын өткөрүп бериш керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, Боршайком жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды”, – деп билдирди Бекматов.

2021-жылы кабыл алынган шайлоо жөнүндөгү жаңы конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери “Ишеним” партиясы менен шайлоого бараткан Нурбек Сыдыгалиев кызматын тапшырганы тууралуу билдирүү тараткан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Меню