Menu

Талибан

"Талибан" Ооганстандагы өкмөттүн жаңы курамын жарыялады

Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” радикал кыймылы өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады. Бул тууралуу Пакистандагы Dawn гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Ооганстандын башкы жетекчиси болуп кыймылдын 60 жаштагы башчысы Хайбатулла Ахундзада, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кызматына буга чейин “Талибандын” Башкаруу кеңешин жетектеген Мохаммад Хасан Ахунд аттуу молдо дайындалды.

Мындан тышкары өлкөдөгү дээрлик бардык негизги министрликтер “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлгөн. Алсак, чалгындоо министри болуп 12 жыл Кубадагы америкалык Гуантанамо түрмөсүндө отуруп чыккан Абдул Хак Васик, ИИМдин башчылыгына талибчил “Хаккани түйүнү” тобунун негиздөөчүсүнүн уулу Сиражуддин Хаккани, коргоо министри болуп “Талибандын” негиздөөчүсүнүн уулу Мухаммад Якуб Муждахид жана экономика министри болуп өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар дайындалган.

Августтун ортосунда талибдер дээрлик эч кандай каршылыксыз эле өлкөнүн баш калаасы Кабул шаарын ээлеп алган. Ага чейин “Талибан” өлкө бийлиги менен коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Бийликти басып алгандан кийин кыймылдын өкүлдөрү коалиция түзүүгө муктаж эмес экенин жарыялап, өкмөттү өз алдынча түзө тургандыктарын билдиришкен.

Батыш өлкөлөрү талибдерди Ооганстандын мыйзамдуу бийлиги катары тааныган жок. Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Жо Байден “Талибан” кыймылы эл аралык деңгээлде таанылуу үчүн узак жолду басып өтүшү керек экенин белгилеген.

Талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарып, өлкөнү ислам эмираты деп жарыялаган. Анда алардын өкмөтүн иш жүзүндө үч гана өлкө — Пакистан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары тааныган.

Орусиянын бийлиги “Талибан” өлкөдө террордук уюм деп таанылганына карабастан, алар менен кызматташууга даяр экенин билдирип келет.

Орусия өзү террористтик уюм катары кара тизмеге киргизип, тыюу салган "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы аскердик ийгиликтерине оң баасын берди

Орусия Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Замир Кабулов “Талибан” кыймылынын Ооганстандагы аскердик ийгиликтерине оң баасын берди.

“Талибан” уезддерди өз көзөмөлүнө алуу менен позитивдүү роль ойноп жатат. Алар Ооганстандын ички иштерине эмес, Борбор Азияга, Пакистанга жана Иранга багытталган башка топторду да жок кылып жатышат. Орусиянын Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнүн коопсуздугу жагынан алганда, “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшпөстөн, алар менен кызматташып келген “англосакстарга” караганда “Талибан” позитивдүү фактор болууда”, — деди Кабулов.

Буга чейин “Талибан” кыймылынын делегациясы Москвада болуп, Орусия ТИМинин жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн. Анда Орусиянын тышкы дипломатиялык мекемеси “Талибан” менен сүйлөшүүнүн максаты Ооганстандагы туруктуулукту бекемдөө экенин белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Парламентте Ооганстандан качып чыккан кыргыздарга жардам көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү

15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Бейшеналы Нурдинов Ооганстандан Тажикстанга качып барган кыргыздарга жардам көрсөтүүнү сунуштады.

«Биздин бир боордоштор Ооганстандан качып чыгып, азыр Тажикстанда кор болуп жатышат. Муну президентке айтып, түз бизге өткөрүп алганга аракет кылбайлыбы?! Бул маселени карап чыгып, жардам берүү керек», – деди депутат.

Тажикстандын Чек ара кызматы шаршембиде Бадахшан провинциясынын Андемин кыштагында жашаган 345 ооган кыргызы: 91 эркек, 77 аял жана 177 жашы жете элек бала (64ү эркек, 113ү кыз) Мургаб районуна карашуу Кызыл-Работ айыл аймагына келишкенин кабарлаган.

Маалыматка караганда, ооганстандык кыргыздарды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен.

«Талибан» кыймылы акыркы жумаларда ондогон райондорду басып алды. Бул АКШ жетектеген эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгарылып жаткан маалда болуп жатат.

Тоолуу Бадахшан автоном облусуна 1000ден ашык ооганстандык качкын өттү

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги Ооганстандын түндүгүндөгү аймактардын көбүн талибандар басып алгандан кийин 1000ден ашык киши Тажикстанга качып келгенин билдирди.

“Качкындар үчүн бардык шарттар түзүлүп, тамак-аш менен камсыз кылынууда. Бүгүнкү күндө аларга гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык кайрымдуулук уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деп билдиришти облустук акимчиликтен.

Мекеменин басма сөз катчысы Голиб Ниятбекзода Ооганстандан 1037 киши качып келгенин, алардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, качкындар чек арадан Ооганстандын Бадахшан аймагындагы бир нече уездди талибдер ээлеп алган 4-5-июль күндөрү өтүшкөн.

“6-июлда облус башчысы Ёдгор Файзов ооган качкындарынын кийинки тагдыры тууралуу БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын өкүлдөрү жана Ага Хан фондунун жетекчилери менен сүйлөштү”, — деди Ниятбекзода.

Жергиликтүү бийлик качкындардын агымына даяр экенин жана өз аймагына 10 миңге чейин ооганстандыкты жайгаштыра аларын билдирүүдө.

Күн мурун Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши Тажикстандын аймагына качып өтүүгө аргасыз болгон 2300 ооган жоокери кайра кайтып келгенин билдирген. Бирок азырынча расмий Кабул жарандык адамдарды кайтарып келүү ыктымалдыгы боюнча эч кандай маалымат бере элек.

АКШ баштаган эл аралык аскер күчтөрү Ооганстандан чыга баштагандан тарта Талибан кыймылы өлкөдө элүүдөн ашуун аймакты басып алды. Тажик бийлигинин маалыматында учурда ортодогу чек аранын үчтөн эки бөлүгү талибдердин көзөмөлүндө. Тажик-ооган чек арасынын узундугу 1350 чакырымдан ашык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан 100дөн ашуун ооган аскери талибдер менен салгылашууда тажик аймагына чегингенин тастыктады

Кундуз провинциясында “Талибан” кыймылынын жоочулары менен салгылышкан 100дөн ашуун ооган өкмөтүнүн аскерлери тажик аймагына чегинди. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

“22-июнда саат 09:00гө чейин уланган кагылышуунун жыйынтыгында Ооганстан Ислам Республикасынын 134 аскер кызматкери Тажикстандын “Паянж” чек ара бөлүгүнүн 3-4-тозоттору аркылуу чегинүүгө аргасыз болушту” деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, тажик чек арачылары “гуманизим жана ынак коңшулук принциптерине таянуу менен ооган аскерлеринин Тажикстан аймагы аркылуу тоскоолдуксуз өтүшүнө уруксат берген”.

Соңку он суткадан бери Ооганстандын Тажикстан менен чектеш төрт провинциясында өкмөттүк аскерлер менен “Талибан” кыймылы салгылашууда. Натыйжада талибдер бир нече районду өзүнө каратып алды. БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайнс 22-июнда билдиргендей, талибдер май айынан бери 370 райондун 50дөн ашуунун көзөмөлдөп калышты. Дипломат муну менен кошуна өлкөлөрдүн коопсуздугуна да коркунуч пайда болгонун белгиледи.

Ушул тапта Тажикстан менен чектеш Ооганстандын Бадахшан провинциясынын үч ири калктуу конушунда катуу салгылашуу болуп жатат. Буга байланыштуу Тажикстан качкындардын агымына даярданууда. Буга чейин Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун башчысы Ёдгор Файзов чукул жыйын өткөрүп, 5-10 миң бозгунду кабыл алууга даяр экенин айткан. Ошол эле маалда ал алардын саны 30 миң кишиге чейин жетиши ыктымал экенинен кооптонгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Талибан» Бишкек менен Душанбени тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырды

“Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү

«Талибан» кыймылы Кыргызстан менен Тажикстанды ортодогу жаңжалдарды тынчтык жол менен чечүүгө чакырды.

Кыймылдын расмий өкүлү Забехулло Мужохид ондогон адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн киши жаракат алган кыргыз-тажик чек арасында болгон апрелдин аягындагы жаңжал тууралуу билдирүү жазды:

«Ислам Эмираты» (талибдер өздөрүн ушинтип аташат) бир тууган ислам өлкөлөрүн ортодогу маселелерди тынчтык жол менен гана чечүүгө чакырат. Согуш — алгач маселени чечүүнүн жеңил жолу катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок анын кесепеттери менен келтирилген чыгымдар кыйла көп болот».

Мужохид эки өлкөнүн бийликтери туруктуулук жана элдин коопсуздугу сыяктуу узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алуу менен ортодогу маселелерди өз ара сүйлөшүү аркылуу чечишет деген ишенимин билдирди.

Буга чейин «Талибан» кыймылы Тоолуу Карабактагы азери-армян согушу тууралуу билдирүү жасап, БУУнун декларациясына ылайык бул аймак Азербайжандын бир бөлүгү экенин белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин бул өлкөлөрдүн коңшулары тараптарды ортодогу маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырышкан. Алардын арасында Ооганстан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрү бар.

Бул Ооганстандын өкмөтүнө каршы согуш жүргүзүп жаткан «Талибан» кыймылынын кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча алгачкы билдирүүсү.

Кыргызстан менен Тажикстан «Талибанды» террордук уюм деп эсептешет. Бул өлкөлөрдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню