Menu

Талибдер

Талибдердин командири Тажикстанды бир жумада басып алууга кудурети жетерин айтты

Эгер Душанбе Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүнү токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир жуманын ичинде басып алышы мүмкүн. Бул тууралуу “Талибан” кыймылынын жогорку даражадагы командирлеринин бири мулла Мохаммад Жан Хамза билдиргенин “Хашт-е собх” ооган гезити жазды.

Маалыматка караганда, талибдердин “Омари” корпусунун командиринин орун басары, “Мулла Жан” деген ысым менен белгилүү мулла Мохаммад Жан Хамза мындай билдирүүнү Тохар провинциясында “Талибан” өкмөтүнүн министрлеринин бири менен жолукканда айткан. Ооганстандын Тохар провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектешет.

Хамза: “Тажикстан Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотпосо жана Душанбенин артында Орусия турбаса, талибдердин бул өлкөнү бир жуманын ичинде басып алууга кудурети жетет” деген.

Расмий Душанбе талиб командиринин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. Адатта тажик бийлиги талибдердин бийлигин тааныбагандыктан жана Кабул менен дипломатиялык мамилеси жок болгондуктан, “Талибан” өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө эч кандай реакция кылбайт.

Быйыл 6-майда Ооганстандын Ислам партиясынын негиздөөчүсү, мурдагы премьер-министр Гулбеддин Хикматияр Панжшердеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронтуна колдоо көрсөтүп жатканына байланыштуу Тажикстанды сынга алган. Ал тажик бийлиги каршылык көрсөтүү фронтуна Фархордо база түзүп бергенин айтып, мындай аракеттер улана берсе Ооганстан да тажик оппозициясына башкалка бериши мүмкүн экенин эскерткен.

Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылы августта басып алып, Ооганстан Ислам Эмираты түзүлгөнүн жарыялашкан. Анда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Талибан” өкмөтүн сынга алып, анын курамына өлкө калкынын 46% ашыгын түзгөн тажик улутундагылар кирбей калганын айткан.

Ооганстанда талибдердин бийликке келгенине дээрлик бир жыл болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө алар түзгөн өкмөттү дүйнөдө бир да өлкө тааный элек.

Талибдер ооган аткаминерлерине жалпы мунапыс жарыялоого убада берди

“Талибан” кыймылы Ооганстандын өкмөттүк аткаминерлери үчүн жалпы мунапыс жарыялоого убада берип, мамлекеттик кызматтардын ишин жандандырууга чакырды. Бул тууралуу AFP агенттиги талибдердин өкүлүнүн билдирүүлөрүнө таянуу менен билдирди.

“Кадимки жашоого ишенимдүү кайтуу үчүн баардыгы үчүн жалпы мунапыс жарыяланды… ”, – деп айтылат талибдердин билдирүүсүндө.

“Талибан” кыймылынын жоочулары Ооганстан борборуна 15-августта кирип келип, өлкөдө 20 жылдык согуш аяктаганын жарыялашкан. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сергей Шойгу: талибдер коңшу өлкөлөргө чабуул жасабоого убада берген

Талибан Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарын көзөмөлгө алды, бирок коңшу өлкөлөргө кол салбоого убада берди.

Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Жалпы орусиялык жаштардын билим берүү форумуна катышып жатып билдирди.

Шойгунун айтымында, талибдер деструктивдүү аракеттерге барып чек арадан өтпөй турганын жана коңшу райондорго чабуул жасабастыгын билдирген.

Ал талибдер жакында Кундузду көзөмөлгө алганын эске салып, Орусия Ооганстандан келе турган коркунучтарга даяр болуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө армияны күчтөндүрүүгө жардам берип жатканын белгиледи.

«Ооганстандан келген коркунучтар бул – маңзат трафиги, бул – террорчулардын биздин өлкөгө Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу кирүүсү. Ошондуктан биздин кесиптештерибиздин, союздаштарыбыздын, ЖККУ боюнча өнөктөштөрүбүздүн буга даяр болушу – биз үчүн өтө маанилүү. Бул үчүн биз баарын жасап жатабыз», – деди Сергей Шойгу.

Буга чейин талибдер Ооганстандын алты провинциясынын борборлорун басып алганы кабарланган.

Меню