Menu

Тамакка уулануу

Бишкекте шаурмадан жапырт уулангандардын саны 70тен ашты

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө шаурмага уулангандардын саны 71 адам болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ооруканага 36 адам жаткырылды, алардын арасында 10 жаштан 14 жашка чейинки беш бала бар. Алардын абалы канааттандыралык.

Саламаттыгы жакшыра баштагандар үйлөрүнө амбулатордук дарылоого чыгарылат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүнүн баарын текшерүүнү тапшырган.

Буга чейин Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жапырт уулануу Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Беш лаваш” жана “Мидос” тез татым жайларында болгонун кабарлаган. Бул жайларга 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылган.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Кадамжайда тойдо 58 адам тамакка ууланды

Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөн тойдон кийин коноктор жапырт тамакка ууланышты.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, алардын алтоо ооруканага жаткырылды, анын ичинен эки бала реанимацияда орто оор абалда дарыланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча тойго 250 киши катышкан, анын 58и ууланганы аныкталды. Балдар Кадамжайдагы жалпы дарылоо борборунда жатышат. Алгач 48 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алар кусуп, дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, өздөрүн алсыз сезишкен.

“Сурамжылоо маалында тойго баргандар камыры бар суюк тамактан бир жытты сезишкенин, андан тышкары майонез кошулган салат, тоок этин жана мөмө-жемиш жешкенин айткан”,- деп жазылган маалыматта.

Азыр анализдер такталып, кафе текшерилип жатат. Уулангандардын саны такталууда.

Тамакка уулануу Кыргызстанда биринчи ирет болуп жаткан жок. Быйыл июнь айында Жалал-Абад шаарында төрт күндө “Ага-ини” жана “Тажд-махал” тез татым жайларынын шаурмаларына 70тен ашуун адам ууланган. Алардын элүүдөн ашууну ооруканага түшкөн. Ошондой эле уулануу Ош шаарында да катталган.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 8-майда өткөн кыз узатуу тоюна катышкан 180 адамдын ичинен 32си тамакка ууланып, медициналык жардам алган. Той өткөн кафеге санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбаганы үчүн 15 миң сом айып пул салынган.

Ушул жылы 6-майда Бишкектеги “Эл эмне жейт” тез татым түйүнүндө 11 киши шаурмага ууланып, ооруканага түшкөн. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору аталган ашкананы 13 миң сом айыпка жыккан.

Ага чейин 1-майда Кара-Сууда 30дан ашуун адам тамакка ууланган. Текшере келгенде алар “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочту жегени белгилүү болгон. Цехтин ээсине 7500 сом, бузулган таттуу токочту саткан дүкөн ээлерине миң сомдон айып пул салынып, 5 миңдей кондитердик азык сатыктан алынган.

2021-жылы Бишкекте 120га чукул адам “Империя пиццы” кафесинин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылган. Ушул эле жылы октябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 138 адам ботулизм белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын баары Бек-Абад айылында өткөн тойго барышкан.

Меню