Menu

Теңгиз Бөлтүрүк

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президенттен аны үй камагына чыгарууну өтүндү

“Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууну өтүнүп, жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Анын кайрылуусу Теңгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасына жарыяланды.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, ырайым кылышыңызды тизелеп туруп, суранам. Мен күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү өтүнөм. Анын ден соолугу азыр абдан начар. Аны мындай абалда камакта кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан абдан корком. Ал үчүн мен жанымды берүүгө даярмын. Анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качууну ойлогон да эмес. Анын катуу жүрөк оорусу бар, кан басымы да жогору”, – деп жазылган Илмира Алпысбаеванын кайрылуусунда.

Президент Жапаров соңку маегинде Бөлтүрүк таза иштегенге убада берип, чечимдерди өзү кабыл алып келгенин, эми анын ишине сот гана чекит коёрун айткан болчу.

Теңгиз Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр экенин октябрь айынын башында абактан жазган катында да билдирген.

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” акча кымырган коррупциялык ишке байланыштуу камалганын 13-сентябрда билдирген. Аны менен кошо жабдуу бөлүмүн башчысы Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Ага байланыштуу үч кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 3-октябрда доо-арыздын негизинде анын бөгөт чарасы шаардык сотто каралып, буга чейинки чечим күчүндө калтырылган. Бөлтүрүк учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Бөгөт чарасын тандоо үчүн сотко алып келгенде Теңгиз Бөлтүрүк бул ишке тиешеси жок экенин, бирок кол астындагыларды көзөмөлдөй албаганын айткан.

“Мен макул эмесмин, бардык айыптар жалган, акылга сыйгыс. Мен эки ири компаниянын менеджери болгом, ошондой эле юридикалык маселелерди да чечип жүргөм. Менин жумушум абдан көп эле. Ошондуктан бардык жумушчу жараянды көзөмөлдөгөнгө үлгүрө албадым. Менин кол астымда көп адам иштеди. Алардын айрымдары чынында эле коррупциялык схемаларга аралашкан, алардын кээ бирлери өлкөдөн чыгып кетти. Бирок мага жок жерден эле айып коюлуп жатат. Мени эмне үчүн айыптап жатканын өзүм да түшүнбөйм. Мен өлкө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым, ак иштедим. Мен бир гана маянага иштедим. Башка эч кандай пара алган жокмун. Ошол үчүн бул кырдаалда нес болуп калдым. Мен тазамын. Мейли, бардык документтерди, катышуучуларды аягына чейин териштирсин. Анткени менин кол астымда көп адам иштеди. Камсыздоо бөлүмүнүн директору бар, ошол маалда камсыз кылуу жагын аткаруучу директор карап жаткан. Финансы директору да бар эле”.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

"Кумтөр" компаниясындагы финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан алынды

Бүгүн «Кумтөр» кенин иштеткен ишкананын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болду. Бул тууралу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталды.

Буга байланыштуу, «Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды.

Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жалпы көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет.

Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат.

Эрбол Султанбаев, Президенттин пресс-катчысы: "Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер Кабинети же Президент менен макулдашкан эмес"

Азыр “Кумтөр” алтын кенин мыкчып турган Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер Кабинети же Президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди:
““Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер Кабинети же Президент менен макулдашкан эмес. Ал башка офиске көчкөн себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.
Бир ай мурда бул окуя боюнча Президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген.
Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган.
Ал эми азыркы офисинде убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду,” – деп жазат Э.Султанбаев.
Меню