Menu

Тилденүү

Казакстанда коомдук жайларда уят сөз сүйлөгөндөргө 150 доллар айып салынат же 30 күнгө камалат

Казакстандын Ички иштер министрлиги коомдук жайларда сөгүнгөндөргө, уят сөз сүйлөгөндөргө 2023-жылдын март айынан тарта 69 миң теңге (150 доллар) айып пул салат же 30 күнгө камакка алат.

“Азыркы тапта майда бейбаштык үчүн 17 миң теңге айып пул салуу же 15 суткага камоо каралган. Жаңы редакция боюнча 69 миң теңге айып пул салынат же 5 суткадан 30 суткага чейин камалат”, – деди ИИМдин административдик полиция комитетинин өкүлү Азамат Куримбаев.

Жаңы эреже документ расмий жарыялангандан 60 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Соңку жылдары соцтармактарда Казакстан шаарларынын коомдук жайларында моралдык-этикалык жүрүм-турум начарлаганы жөнүндө пикирлер айтылып келет.

2022-жылы жайында Астана маслихатынын депутаты көчөдө түкүргөндөргө айып пулду көбөйтүүнү сунуштаган. Бул сунушту саламаттык сактоо министри колдоп, коомдук талкуу уюуштуруу зарылдыгын айткан.

Казакстанда көчөдө түкүргөндөргө беш айлык эсептик көрсөткүчтө айып пул салынат. Былтыр ноябрда парламент мажилисинин депутаты Ерлан Саиров түз эфирде түкүргөнү үчүн айыпка жыгылган.

Меню