Menu

Тилек Токтогазиев

Тилек Токтогазиев, экс-министр: "Урматтуу Президент, Кара-Балта спирт заводуна сиздин кишиңизди жетекчи кылып дайындабай койгонум үчүн мени "иштей албады" деп жатасызбы?"

Күнөсканачы ишкер, экс-министр Тилек Токтогазиев facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго каяша айтты:
Урматтуу Президент!
Сиз 23 сентябрь күнү “Кабар” маалымат агенттигине берген маегиңизде:
“Эсиңиздердеби, Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен.” – дептирсиз.
Биринчиден тактоо иретинде айтып коеюн, Кыргыз Республиканын мыйзамы боюнча жаштар деп 14 жаштан 28 жашка чейинкилерди атай алабыз. Мен Кыргызстандын тарыхында эң жаш министр катары болуп, 29 жашымда дайындылдым. Биздин Өкмөттө 40 жашка толо электерден Артем Новиков (33 жашта) жана Алтынбек Исмаилов (34 жашта) эле болгон. Калгандар орто муун же улуу муундагылар болгон эле. Жалаң жаштар дегениңиз – карандай калп. Ошол эле учурда, үчөөбүз тең жогорку билимдүү, өз тармактарыбыздагы адистер катары ишти тың эле алып кетип жатканбыз.
Экинчиден биздин Өкмөт жарым жыл эмес, 3 эле ай иштеди. Бул сиздин экинчи калпыңыз.
“Министр болгондордун арасында “штаттык расписание” деген эмне экенин билбегендер болду. Анан кантип килейген министрликти башкарат?” – деп айтыптырсыз. Ушул министрдин аты-жөнүн айтып коюңуз! Эл билсин. Бирок билип билбей жалпы жаштарга көө жаппаңыз.
Урматтуу Президент, ушактын деңгээлинен чыгыңыз. Андан көрө дүйнөгө уят болбой, бийликтин 3 бутагын унутпай эстеп жүрүңүз.
“Күнөскана ачып, бадыраң өстүрүп алса эле «ии, мен министр болууга даяр экем» деп ойлобош керек. Министрлик бир теплица менен эле чектелбейт.” – деп мен жөнүндө айтыптырсыз. Ушул жерде менде сизге төмөнкү суроолор жаралып калды:
1) Мени министр кылып ким дайындады эле? Өзүңүзбү же бирөө мажбурладыбы?
2) Ушундай жоопкерчиликтүү позицияга дайындагандын алдында менин резюмемди окудуңуз беле? Окусаңыз, анда мен 2009-жылдан бери ишкерлик менен жана коомдук иштер менен алектенип жүргөнүмдү, 2012-жылдан бери күнөскана тармагында иштеп жүргөнүмдү, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алганымды, 2018-жылдан бери күнөсканачылардын асоциациясын жетектегенимди, 2014 жылдан бери АКШ, Нидерланды, Швейцария, Германия, Австрия, Орусия, Колумбия, Мексика Индия, Туркия, Кытай ж.б. өлкөлөрдүн айыл чарбасын изилдеп, алардын агробизнеси, технологиялык компаниялары жана илимий изилдөө институттары менен кызматташканымды билмексиз.
Урматтуу Президент, окубасаңыз, ушактарга таянып министрлер жөнүндө өзүңүздүн пикириңизди түзсөңүз, анда өзүңүздүн Президент катары элибизден берилген аманатыңызды шалаакылык менен аткарып жатыпсыз.
Биздин команда иштей албаса, анда эмнеге сиздин 2021-жылдын 9 февралында чыккан Жарлыгыңыз 1 пунктан тышкары, толугу менен биз тараптан жазылды эле?
Же Кара-Балта спирт заводго сиздин кишиңизди дайындабай койгонумду – иштей албайт деп жатасызбы? Ал боюнча мен сизге жазуу түрүндө жоопту кайтаргам. Ишеничтүү эмес репутациясы менен кишилерге жана компанияларга мен мамлекеттик мүлктү бергенге каршы болгом. Ал менин да, сиздин да жеке мүлкү эмес. Ал элдин мүлкү. Андай иштер ачык айкын конкурстун негизинде жүргүзүлүш керек. Биздин команда оор учурда келип, Министрликтин дыйкандардын алдында да, кызматкерлердин алдында да бүт милдеттерди убагында аткардык.
– 6,2 млрд сом ФСХ-9 программанын негизинде жеңилдетилген кредиттер февралдын башында берилди.
– 540,9 миллион сом жеңилдетилген шарттары менен айыл чарба техникасын сатып алганга, лизинг программасына убагында берилди.
– Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонд менен биргеликте айыл чарба багытына кошумча жеңилдетилген кредиттик продукттар киргизилген.
– 2 айда Электрондук документтер алмашуу системасын бир тыйын бюджеттен кетирбей киргиздик.
– Программдык бюджеттештирүүгө өтүү процессин баштадык.
– Айыл чарбага багытталган, бирок иштетилбей жаткан 403 миллион сом казначействодон табып, аны лизингге 4,5% менен бергенге ишти баштап бердик.
– Жайыт пайдалануучуларга Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонддун колдоосу менен 30 миллион сомго 19 үрөөн тазалоочу техниканы өткөрүп бердик.
– Мыйзамдарга өзгөрүү киргизип, буудайга гана эмес, жалпы өсүмдүктөрдүн жакшы сапаттагы үрөөндөрдүн баасынан 30 пайызын мамлекет субсидия кылып бергенин киргиздик.
– Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жалпы 52 миллион долларлык долбоорлорду Кыргызстанга алып келгенге салымыбызды коштук.
– Үрөөн чарбаларды кайра аттестациалоо үчүн комиссияга биринчи жолу көзкаранды эмес эксперттерди киргизип 109 үрөөн чарбанын 40 пайызы үрөөн чарба статусунан айрылышты. Ага чейин статусту алып алып, миңдеген гектар жерлерди конкурссуз ээлеп алышчы экен. Анан карапайым элге субарендага беришчи экен.
– Кореянын агротехнологиялары менен биздин дыйкандарды тааныштырыш үчүн атайын демонстрациялык талаа ачканга Корея элчилигине жана Корея өнүктүрүү уюмдарына көмөк көрсөттүк.
– Дыйкандарыбызга жакын болуш үчүн “Дыйкандос” телеграм ботту ишке киргиздик. Анын максаты бүт мамкызматтарды, маалыматтарды шаарга келбей эле, телеграм аркылуу эле алуу болчу.
– Космос аркылуу биздин талаларыбызда канча гектар жана эмне өсөт, жайыттардын абалы кандай болгонун билиш үчүн ГИС-технологияларды киргизип баштаганбыз. Бул азыркы биздин айыл чарбабыз боюнча фейк маалмыттарды жоймок эле. Миңдеген мамкызматкерлердин жумушун азайтмак эле. Туура эмес маалыматтын негизинде кандай саясатты жүргүзсө болот? Азыр бул биздин демилгебиз кайра артка кетиптир. Ачык айкын иштөө – бул азыркы бийликтин принциби эмес экенин далили.
– Балык чарба жана аквакультураны (форель ) өнүктүрүү боюнча эки мыйзамды демилгелеп ЖКтин 3 окуусунан өткөздүк.
– Айыл чарба продукцияга баалар кескин түрдө өспөш үчүн өзгөчө кадамдарга барганга туура келген:
* Өзүбүздө дефицит болгон ЧИЙКИ заттарды үчүнчү мамлекеттерге чыгарбоо боюнча токтом кабыл алганбыз.
* Кыргыз Республика боюнча айыл чарба жарманкелерди жума сайын өткөрүү чечими кабыл алынган. Ал жактарда элибиз заводдордор түздөн түз продукттарды сатып алганга шарттар түзүлгөн.
* Кызылчаны ташыш үчүн Минтранс темир жол тарифти 5,5 эсе көтөрөбүз деген чечимине каршы чыгып, кумшекердин баасын 47 сомдон сактап калганбыз. “Кыргыз темир жолу” мекемесинин тарифтик саясатын текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзгөм.
– Агрокамсыздандыруу боюнча мыйзамды иштеп баштаганбыз.
– Кластердик ыкманы киргизип баштаганбыз.
– Питер Бурян, Европа Биримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү менен сүйлөшүүдө, Европа Биримдиктин Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасына катышуу чечимибизди билдиргем. Европа Биримдиги дүйнөдө өнүгүп жаткан өлкөлөргө (!) 1 триллион евро грант түрүндө берип жатат. Ошонун ичинен биз жок дегенде 1 миллиард еврого программаларды даярдайбыз деп пландаганбыз. Питер өзүнүн колдоорун билдирген. Мени кызматтан алгандан кийин, ал өзүнүн Твиттери аркылуу көңүлүн айтты эле.
– Монголиянын айыл чарба министри менен мартта жолугушту пландаганбыз. Ал визиттин максаты – атайын мамлекеттик программаны баштоо болчу. Монголияда 60 миллиондон ашуун кой жана эчки бар. Бир жылдык козунун баасы 30 доллар. Биз Айыл банк аркылуу ишкерлерге каржы маселесин кредиттер аркылуу чечип берип, Монголиянын Өкмөтү тарабынан бүт бюрократияны жеңилдетип берип, Кыргызстанда байлап багыш үчүн 300 миң козуга келишим түзөлү дегенбиз. Бир нече айдан кийин ал козуларды жаңы өнүгүп келеткан эт комбинаттарга тапшырып, 10 миңдеген үй-бүлөлөргө кошумча киреше булактарын түзүп берели дегенбиз. Ал эми эт комбинаттар болсо ички базарды жана Дубай (БАЭ), Катарды кой эти менен камсыздаганга жетишмек. Бирок тилекке каршы, бул программаны жана башка эл аралык деңгээлдеги чоң программаларды ишке ашырганга убакыт берилген жок.
Кыргызда жакшы сөздөр бар:
– Көп жашаганда эмес, көптү көргөндөн сура.
– Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке.
Ар бир революциядан кийин бийликтегилер билимдүү жаштарды тартабыз – деп убада беришет. “Эшеги суудан өткөнчө” – дегендей.
Урматтуу Президент, сиз кадр саясатыңызды өтө туура эмес жүргүзүп жатасыз. Люстрация эмес эле криминализация жана коррупционализация болуп калды. Ал боюнча пикиримди кийинчирээк өзүнчө жазайын…
Тилек Токтогазиев, экс-министр
Меню