Menu

ТИМ

ТИМ 2022-жылы ата мекендик 154 продукцияны чет мамлекеттердин рынокторуна экспорттоого багытталган экономикалык иш-чараларды өткөрдү

Кечээ, 19-январда «Кабар» КУМАнын басма сөз борборунда 2022-жылдагы тышкы саясий ишмердиктин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө КРдин Тышкы иштер министрлигинин башчысы министрликтин 2022-жылы аткарган иштери боюнча кеңири баяндама жасады. Тактап айтканда, министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө тышкы саясий ведомство тарабынан жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо, суу дипломатиясы, чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына тиешелүү башка маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Министр белгилегендей, 2022-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий жана конструктивдүү дипломатиялык байланыштарга бай болду, тактап айтканда, бийик жана жогорку деңгээлдеги 116 сапар жана иш-чара ишке ашырылып, 972 көп тараптуу эл аралык келишим менен документке, 82 эки тараптуу эл аралык келишим менен документке кол коюлду. Мындан тышкары, министр Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусу ийгиликтүү өткөндүгүн, Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын өткөндүгүн, 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын шайлангандыгын, ошондой эле биздин өлкөнүн катышуусу менен уюштурулган башка тышкы саясий иш-чараларды белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугушуусу 1,5 саатка созулуп, анда министр Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүсү, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилеринин ишмердүүлүгү, транспорттук-логистикалык долбоорлор, ошондой эле чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу суроолорго кеңири жооп берди.

Эмгек мигранттарына укуктук жардам көрсөтүү боюнча суроого жооп берүүдө министр Ж.Кулубаев Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирген 47 миңден ашык кыргызстандык чыгарылып, Украинадагы аскердик аракеттерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын 300дөн ашуун жаранын эвакуациялоого көмөк көрсөтүлүп, Казакстандагы январь окуясында Кыргыз Республикасынын 300дөн ашык жаранын бошотууга жардам көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, журналисттерди министрлик жүргүзгөн экономикалык дипломатиянын жыйынтыгы тууралуу маселелер кызыктырды. КРдин Тышкы иштер министрлигинин башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарына 2022-жылы 465 экономикалык иш-чара өткөрүлгөндүгү, анын 230у чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүүгө, 154ү ата мекендик продукцияны чет мамлекеттердин рынокторуна экспорттоого, 61и туризмди өнүктүрүүгө багытталгандыгы тууралуу маалымдады.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле 2023-жылга пландаштырылган иш-чараларга жана өлкөнүн тышкы саясатынын жакынкы жана узак мөөнөттүү келечектеги артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Иш-чарага 30дан ашуун жергиликтүү жана чет элдик басылмалардын өкүлдөрү катышты.

ТИМ: КР жарандарын Россияда миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен ишке ашырылат

Социалдык түйүндөрдө 3 айга миграциялык каттоого туруу менен 2022-жылдын 3-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына чыгуу-кирүү жол-жобосун ишке ашыруу керектиги тууралуу мыйзам Россия Федерациясы тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат тарап жатат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган маалымат чындыкка дал келбейт.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен иш жүзүндө жашаган жери боюнча Россиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, 2022-жылдын 3-сентябрына чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок.

Министрлик мекендештерден Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын так сактоону суранат.

Россияда ата-энесиз калган Кыргызстандык 6 бала мекенине кайтарылды

Кечээ, 15-июлда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Россия Федерациясында ата-энесинин камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жараны болгон 6 бала мекенине кайтарды.

Элчилик Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен балдарды репатриациялоону макулдашуу жол-жобосун жүргүзүп, алардын мекенине кайтып келүү процесси үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөн.

Элчилик Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантат.

Меню