Menu

Токаев

Эмомали Рахмон Мирзиёев жана Токаев менен Ооганстандагы абалды талкуулады

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 24-июнда Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, көңүл борборунда аймактагы коопсуздукту камсыздоо, Ооганстандагы абал болду.

Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарынын жака белине жакындашты жана тажик аймагы менен байланыштырган өткөөлдү кармап турушат. Согушкерлер акыркы жумаларда улам бир районду өз көзөмөлүнө алып келатышат. 22-июнда талибдер Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн – Кундуз провинциясынын борборунан 50 километрдей жердеги Шерхан Бандар шаарчасын ээлешкен.

Тажикстан менен Өзбекстан башчысы ооган аралык тынчтык жараянын алдыга жылдырууга жана Ооганстанда туруктуулук жана коопсуздукту камсыздоого биргеликте аракет көрүүнү улантууга макулдашты.

Эмомали Рахмон менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев дагы Ооганстандагы азыркы аскердик-саясий абалды кенен талкуулашты.

Тараптар бул өлкөнүн түндүк, түндүк-чыгыш райондорунда абалдын курчуп кеткенине тынчсыздануусун билдиришти.

Рахмон менен Токаев эки тараптуу жана көп тараптуу негизде тыгыз байланышты уланта берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан аскердик жардам катары Тажикстанга 3 млн. ашык ок-дары берет

Казакстандын Коргоо министрлиги «Кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Мекеменин басма сөз борборунун маалыматына караганда, долбоорду талкуулоо 17-июнга чейин уланат. Азырынча бул документ боюнча Тажикстандын бийлиги расмий маалымат бере элек.

«Документ быйыл 17-апрелде кол коюлган казак жана тажик өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам берүү тууралуу келишимди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду ишке ашыруу максатында иштелип чыкты», — деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Келишим ратификациялангандан кийин Тажикстанга 5,45 миллиметрлик 3 миллион 240 миң, 23 миллиметрлик 20 миң жана минометтор үчүн 82 миллиметрлик 10 миң даана ок берүү каралган.

Казакстан менен Тажикстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылы 7-январда башталган. Эки өлкө 2015-жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшкан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл 19-20-май күндөрү Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбеге барган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, анын ичинде өз ара товар алмашууну көбөйтүү, инвестицияларды тартуу, өнөр-жай кооперацияларын, айыл чарбасын жана транзиттик-транспорттук потенциалды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушкан. Мындан тышкары президенттердин жолугушуусунда суу-энергетикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча өз ара аракеттешүү маселелери талкууланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкө лидерлери эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга аракет кылуу тууралуу биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Делегация мүчөлөрү алты документке кол коюшкан. Алардын арасында аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу документтер болгон эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню