Menu

Токио олимпиадасы 2021

Эртең, 27-июлда кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев 81 кг салмакта олимпиадалык таймашка алгачкы ирет чыгат

Бул салмакта дүйнө жүзүнөн тандалган 35 балбан күч сынашат. Чучкулак кармоодо анын алгачкы атаандашы Европа чемпиону, орусиялык Алан Хубецов болду. Эгерде аны утуп алса, грекиялык же канадалык балбан менен күрөшөт. 

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык  даражадагы спорт чебери Золоев Владимир Русланович 1993-жылы 4-августа туулган. Ал Кыргызстандын тарыхында алгач ирет чоңдор арасында Азия жана Океания Чемпионатында алтын медалынын ээси болгон.

 Спорттук жетишкендиктери:

   2016 жылы—  “GRAND PRIX ALMATY” эл аралык мелдешинде коло медалынын ээси (Алматы, Казакстан);

 2017 жылы—  Ислам Тилектештик оюндарында коло байге ээси (Азербайжан, Баку);

 2017 жылы— Азия Чемпионатынын коло медаль жеңген (Гонконг);

  2017 жылы— “MINSK EUROPEAN OPEN” эл аралык мелдешинде үчүнчү орунду ээлеген (Беларусь);

  2018 жылы– “Tashkent Grand Prix”  эл аралык мелдешинде   коло медаль уткан (Озбекстан);

  2021 жылы– рейтингтик Азия жана Океания Чемпионатында алтын медалынын ээси болгон  (Бишкек, Кыргызстан);

 Рейтинг жана упайлары аркылуу Токио Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Учурдагы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктуучу Абдужалил Юнусов.

-Владимирдин даярдыгы жана маанайы жакшы, – деди Токиодон Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

27-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов олимпиадлык жарышка экинчи ирет чыгат

24-июлда Токио шаарындагы олимпиадалык мелдешинде  сууда сүзүүнүн брасс ыкмасындагы  100 метр аралыкты – 1 мүнөт 04 секундада сүзүп өтүп, Кыргызстандын рекордун жаңыртты. Ал мыктыларды иргеп алуу мелдештеринде 49 спортчудан 27-орунду ээлеп, жарым финалдык  жарыштарга илинбей калган.

27-июлда Денис Петрашов 200 метрге брасс ымасындагы жарышка катышып, өлкө намысын коргойт.

Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарына да катышкан. Ал кезде 16 жаштагы Денис брасс стилинде 200 метрге жарышка чыгып, 38-орунду ээлеген. 2018-жылы Аргентинада өткөн үчүнчү жаштар арасындагы олимпиада оюндарында 100 метр брасс ыкмасында сүзүп, күмүш байгенин ээси болгон. Ошол эле жылы Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында 5-орунду ээлеген.

-Денис Петрашовго Токио олимпиадасына даярданууга  толук кандуу шарт түзүлгөн. Олимпиадага даярдануусуна да машыктыруучулары менен сүйлөшүп, машыгуу пландарына жараша чет өлкөдө, алдыңкы спортчулар менен бирге машыгуусуна чейин шарт түзүп беребиз. Кыргызстандагы алдыңкы бассейндерде машыгуусун өткөргөн. Биз бардык спортчуларга жолдомо утушу үчүн шарт түзүп, жолдомо уткандан кийин олимпиадага жакшы даярданышына колдон келген аракетибизди жумшадык,-дейт Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов.

2019-жылы Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча өткөн 18-дүйнө чемпионатында Денис Петрашов 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээлеп, Токио олимпиадасына жолдомо алган.

Kyrgyzstan’s Denis Petrashov competes in a heat for the men’s 200m breaststroke event during the swimming competition at the 2019 World Championships at Nambu University Municipal Aquatics Center in Gwangju, South Korea, on July 25, 2019. (Photo by Ed JONES / AFP) (Photo credit should read ED JONES/AFP/Getty Images)
HANGZHOU, CHINA – DECEMBER 11: Denis Petrashov of Kyrgyzstan competes during the Men’s 100m Breaststroke of the 14th FINA World Swimming Championships at Hangzhou Olympic Sports Expo on day one on December 11, 2018 in Hangzhou, China.(Photo by Fred Lee/Getty Images)

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов: Бүтүндөй өлкө Токиодогу Олимпиадалык оюндардагы кыргызстандык спортчулардын жеңишин чыдамсыздык менен күтүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасын кабыл алды.

«Баарынан мурда, сиздерди Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасына киргизилгендигиңиздер менен куттуктайм жана ХХХII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышууңуздарды каалайм. Сиздер жогорку атаандаштык шартында күрөшөсүздөр. Бирок, сиздер тоскоолуктарды ашып өтүп, татыктуу оюн көрсөтө аласыздар деп ишенем. Биздин команданын Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуусу өлкө үчүн сыймыктануу сезимин ойготуп, жаштарды патриоттук тарбиялоонун бекем негизи болуп бере алат. Бүткүл өлкө республикабыздын гимнин угууга үмүттөнүп, сиздерге жан-дили менен күйөрмандык кылат», – деди Улукбек Марипов.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти спортчуларга ийгиликтерди жана жеңиштерди багынтуусун каалады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчулары үчүн байге фонду түзүлгөн.

Атап айтканда, Токиодогу Олимпиадада жеңишке жеткен курама команданын спортчуларына – 10 млн сомдон, күмүш медаль үчүн – 7 млн сом, коло медаль үчүн 5 млн сом каралган.

Башкы машыктыруучуга – спортчунун акчалай сыйакысынын 30% өлчөмүндөгү суммасы, улук жана жеке машыктыруучуга – спортчунун акчалай сыйакысынын 25% өлчөмүндөгү суммасы, биринчи машыктыруучуга спортчунун акчалай сыйакысынын 10% өлчөмүндөгү суммасы төлөнөт. Медицина кызматкерлерине Олимпиада оюндарынын чемпиондор жана олимпиадалык медалдын ээлери үчүн жалпы сыйлык фондунун 10% өлчөмүндө сый акы төлөнөт.

« Спорт – бул чоң күрөш. Сиздердин ысымыңыздар республикабыздын спорт тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калсын. Жалпы муунубуз сиздер менен сыймыктангыдай болсун», – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы жана Кыргыз Республикасынын желегин Олимпиадалык курама команданын капитаны Атабек Азисбековго тапшырды.

Токиодоги олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт

23-июлда Жапониянын баш калаасы Токио шаарында баштала турган олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун “дельта” деп аталган жаңы штаммынын жайылуусуна байланыштуу кабыл алынды.

“Көрүүчүлөр баш калаанын сыртында өтө турган айрым мелдештерге киргизилиши мүмкүн. Ал боюнча чечимди аймактардын бийликтери кабыл алышат”, — деди министр.

Буга чейин жапон өкмөтү оюндардын ачылуу аземин көрүүчүлөрсүз өткөрүү жана мелдештерге он миңден ашпаган жергиликтүү гана көрүүчүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.

Былтыр коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню