Menu

Токой кыйгандар

Ысык-Көлдө токойдон 19 даана Тянь-Шань карагайын кыйып, уурдап кеткен жаран кармалды

Ак-Суу районунан Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу учуру аныкталды.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери Кайырма-Арык айылынын 41 жаштагы У.Ж. аттуу тургунунун үйүнөн 19 даана тилинген Тянь-Шань карагайларын табышкан. Турак жай курулуп жаткан үйдүн ээси бак-дарактарды кыюуга уруксат документтерин милиция кызматкерлерине текшерүү учурунда көрсөтө алган эмес.

Аталган факт, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, материалдык зыянды аныктоо үчүн тиешелүү материалдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы боюнча аталган фактыга юридикалык баа берилмекчи.

Меню