Menu

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык

Кыргызстандын бир катар маданият жана искусство ишмерлерине КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык токтом кылынат:
2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

«Саманчынын жолу» спектакли үчүн Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:

— Сыдыгалиева Анарага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

— Жанжигитов Данияр Тыныбековичке, актер — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

— Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын адабият секциясы Акүйгө атайын кат менен кайрылды

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын Адабият  секциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгына атайын кат менен кайрылды.

Кайрылуу катында Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу  боюнча комиссия жакында жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, анын протоколун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгына жөнөткөндүгү, бирок ал жыйында мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндөгү Жобо одоно бузулгандыгы айтылат.

Тактап айтканда, Комиссиянын өзүнүн Адабият секциясы сунуштаган протоколдогу талапкерлер комиссиянын  жыйынтыктоочу жыйынында жашырын добушка коюлбай калган. Ал эми Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө жобонун 44-беренесинде “Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө Комиссиянын чечими жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алынат,” – деп таасын,так жазылып турат.

Жыйынтыктоочу жыйынга Адабият секциясынын бир мүчөсү чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу, бир мүчөсү ооруканада жаткандыгына байланыштуу катышпай калган.

“Адабият секциясында 3-4 айдан бери иштеп жүргөн комиссия мүчөлөрүнүн пикири негизсиз эске алынбагандыгын Жобонун бузулушу катары эсептейбиз жана мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына Комиссия жол бербөөгө тийиш экендигин баса белгилейбиз…” – деп жазылган катта.

Адабият секциясынын протоколундагы “калыс” деген сөздү орунсуз деп, ошол үчүн эле добушка койбой койгон чечим бери дегенде күлкү келерлик жана өзүм билемдик. Ал эми Комиссиянын Адабият секциясынын мүчөлөрү ал сөздү ката деп эсептебейт жана ката эмес экендигин далилдөөгө ар убак даяр.

Кайрылуу катта жогоруда келтирилген жүйөлүү себепке байланыштуу, бул маселени Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу   комиссиясы кайра кароосун камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгынан суралган.

Кошумчалай кетели, Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйынында Жобо одоно бузулган башка учурлар дагы бар. 30-беренеде “Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө укугу бар субъекттер экиден ашпаган чыгармачылык эмгектерди көрсөтө алышат…” – деп жазылган. Ал эми добушка үч фильм катар коюлган. Бири да өткөн эмес.

Жобонун 48-беренесинде “Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы жана жыйынтыктоочу жыйналышта добуш берген бардык мүчөлөрү кол коюшат” – деп жазылган. Тилекке каршы протоколго добуш  берген Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон эмес.

Эгерде Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы маселени кайра карабаса нааразычылык, ызы-чуу, соттошуулар кайра башталары турган кеп.

Бактыбек Эргешов

Быйыл мамлекеттик Токтогул сыйлыгын ыйгарууда калемгерлер менен киночеберлерге чыныгы карасанатайлык мамиле кылынууда

Меню