Menu

Токтогул суу сактагычы

Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга электр кубатын берүүдө

«Электр станциялар» ишканасынын маалыматы боюнча 18- июлда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. 699 млн. куб метрге жетти. Бул былтыркы ушул маалга караганда 1 млрд. 175 млн. куб метрге көп.

Июлда тоо баштарынан түшкөн суунун орточо агымы секундасына 794 куб метрге жетип жатат.

Мамлекеттик ишкана азыр Кыргызстан кышында Казакстан менен Өзбекстандан алган электр кубатын кайра кайтарып жатканын билдирди.

«Ошол эле маалда өлкөнүн ичиндеги керектөөчүлөргө эч кандай чектөөлөр киргизилген жок. Өткөн күз-кыш мезгилинде Өзбекстан Кыргызстанга 501,4 млн. кВт. саат электр кубатын, ал эми Казакстан 440 млн. кВт. саат электр берген. Бул кыштан өтүүгө оң таасирин берген», – деп айтылат маалыматта.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин 14-июлда өкмөт жыйынында берген маалыматы боюнча, азыркы тапта “энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык 15 миллиард 275 миллион сом, жалпы чыгаша 40 миллиард сомдон ашык. Быйыл энергетиктер 24 миллиард 993 миллион сомду азыркы тарифтик саясат менен чогултууну пландап жатат. Ортодогу айырма 15 млрд сом. Эң көп тартыштык “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна таандык.

Министр Бекмурзаев Токтогулдан суу сатылбаганын билдирди

Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев ЭлТР телеканалына берген комментарийинде Токтогул суу сактагычынан кошумча суу Казакстанга сатылбаганын билдирди.

“Бир тамчы суу дагы сатылган жок. Казакстан менен Кыргызстан, Өзбекстандын ортосунда жазында Улукбек Марипов (мурдагы өкмөт башчы -ред.) менен мурдагы министр товар алмашуу боюнча келишимге кол коюп келген. Муну саясатташтырбаш керек. Бизге керек учурунда кошуналар электр энергияны бекер берди. Биз жайында ошонун үчтөн бир бөлүгүн кайтарып беребиз. 2022-жылы дагы ошондой болот. Эгер абал ушул боюнча кете берсе, 2023-жылы дагы ошондой болот. Ошондуктан муну жөн эле “хайп” кыла бергендин кереги жок. Суу сатылбайт”, – деди министр.

Коңшу өлкөгө Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берилгени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-декабрда Нур-Султан шаарында казак премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда ачыкка чыккан. Бул маалымат Кыргызстанда талаш-талкуу жаратты. Энергетика министрлиги Казакстанга жай саратан, кургакчылык маалда кошумча сугат суу берилгени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда мындай кадам электр энергиясын алышып-беришүү тууралуу макулдашуунун негизинде ишке ашканы айтылат.

Маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешов парламент жыйынында президенттин өкүлүнө кайрылып, “дыйкандарга суу жетпей жатканда, Казакстанга 330 куб суунун агызылганы” боюнча түшүндүрмө талап кылган.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Токтогулда суу былтыркыдан дээрлик 3 млрд. кубометрге аз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2,9 млрд. кубометрге аз. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында, суу сактагычка сууну толтуруу жана көлөмүн сактоо үчүн Бишкек Жылуулук электр станциясы (ЖЭБ) күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

Быйыл ЖЭБде 1,3 млрд. кВт саат өндүрүлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20-30 пайызга көп.

“Ошондой эле Түркмөнстан менен 500 млн. кВт саат электр энергия боюнча келишим бар. Ал Өзбекстан аркылуу келүүдө. Мындан сырткары, Казакстан жана Өзбекстан менен дагы иш-аракеттер жүрүп жатат”, – деди министрдин орун басары.

10-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 12,1 млрд. кубометр суу топтолду. Өткөн жылы (2020-жыл) 1-октябрга карата өлкөнүн негизги суу сактагычында 15,2 млрд. куб суу топтолгон.

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен.

Маалыматтарга караганда, быйылкы жылы суунун агып кирүү көлөмү болжол менен 8,4 млрд. кубометр болду. Бул деген көп жылдык орточо норманын 88% түзөт.

2021-жылдын 10-сентябрында Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү 317 кубометрди түздү. Салыштырсак, өткөн жылдын ушул күнү 470 кубометр болгон.

Меню