Menu

Тоноочулук

УКМК: Жарандарды физикалык зомбулук менен коркутуп, ай сайын "салык" салган кылмыштуу топ кармалды

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте, Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышканы аныкталды.

Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда.

УКМК: Ош шаарынын тургунун балка менен сабап, бычак, тапанча такап, 600.000 сом талап кылган спортсмендер кармалды

КР УКМК тарабынан Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган – К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A. кылмыштуу топ кармалды.  

2023-жылдын 4-февралында Ош шаарынын аймагында Н.у.М. жана М.Х.А., алар менен бирге Ош шаарынын “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти — К.у.Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип аны белгисиз багытта алып кетишкени аныкталды. Андан кийин темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.

Учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана коомдоштукка каршы аракеттенүү, ошондой эле жаш спортчулардын кылмыштуу элементтерге катышуусу боюнча иштерди улантууда.

Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери уланууда.

Жалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүмдү тоноп кеткен 40 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун  1961-жылы туулган тургуну М.Г. арыз менен кайрылган, себеби 2022-жылдын 25-август күнү саат 15:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын  Токтогул эс алуу багында жайгашкан “Гулзада” кафесинде А.Н. аттуу 16 жаштагы небересинин базар баасы 19000 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы жаран чалып алайын деп колунан жулуп алып кетип калган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.И. экендиги такталган. 

2023-жылдын 2-февраль күнү облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын кызматкерлери менен биргеликте шектүү А.И. кармалып, тергөө бөлүмүнө камсыздалган.

Учурда шектүүнүң мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча да кылмыш иштин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Чүй милициясы: Бишкек менен Чүйдө колунда бар кишилерди граната жана тапанча менен коркутуп, акча талап кылып жүргөн жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Чүй облусунун ИИББге жаран “А” Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында курал-жаракты, жардыргыч заттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап, колунда бар жарандардын мүлкүн жана акчасын опузалап талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Токмок ШИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 267-беренесинде көрсөтүлгөн (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 28-январында Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБнүн тергөөчүлөрү жана ыкчам кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында жайгашкан үйдү тинтүү учурунда 1986-жылы туулган Б.А. кармалып, андан 1977-жылы чыгарылган, 9 мм калибрдеги “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасы, 17 даана 9х18 мм калибрдеги ок-дарысы, “РГД-5” гранатасы табылган. Табылып алынган “РГД-5” гранатасын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары тарабынан зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, кармалган жаран 1986-жылы туулган Б.А. мурда бир нече жолу соттолгон, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан опузалап акча талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталган.
Кылмышка шектүү жаран 1986-жылы туулган Б.А. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Нарын шаарында өспүрүмдөрдү коркутуп, уруп-сабап, опузалап акчасын, телефондорун, буюмдарын тоноп жүргөн рэкетир кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрь күнү  Нарын шаарынын тургуну М.К. милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал  2006-жылы туулган М.Н. аттуу инисин  “С” деген жигит коркутуп, уруп сабап,  денесине жаракат келтирип, 35 000 (отуз беш) миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып жатканын билдирген.
Аталган факт Нарын ШИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле Нарын шаарынын 2003-жылы туулган жашоочусу И.Б. милицияга кайрылып, 11-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында “С”  аттуу бала ага таандык “Айфон XS”  үлгүсүндөгү  уюлдук телефонун коркутуп, опузалап тартып алганын билдирип, шектүүгө карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.  Нарын шаарынын 1977-жылы туулган тургуну  М.Г. дагы милицияга арыз менен кайрылып, анын 2006-жылы туулган  М.Н.  аттуу уулунун баасы 3000 сомдук өңү күрөң түстөгү барсеткасын “С”  деген бала 2022-жылдын 31-август күнү эч себепсиз уруп сабап, тартып алгандыгын билдирген.
Аталган фактылар Нарын ШИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүмү (Тоноо) менен  кылмыш иштери козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2006-жылы туулган М.Н. аттуу жабырлануучудан алган 12000 сом акча каражаты менен Нарын шаарынын тургуну 2004-жылы туулган М.С. кармалган. Шектүүнү тинтүү учурунда жогорудагы 12000 миң сом акча каражаты,  ал көтөрүп жүргөн өңү күрөң түстөгү барсеткасынан бир даана “Айфон XS”  үлгүсүндөгү өңү ак түстөгү уюлдук телефон жана сабы кара түстөгү бир даана бычак табылып алынган.
Бүгүнкү күндө арыз ээлери шектүү М.С. уруп сабап коркуткандыгын  билдиришкендиктен, аларга карата соттук-медициналык,  мындан тышкары М.С. жанынан чыккан бычакка соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалган.
Шектүү М.С. жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип Нарын шаардык сотунун токтому менен 2 айга камакка алынды.
Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

Каракол шаарынын 2 тургунун сабап, телефондорун, акчаларын жана автоунаасын тоноп, 500.000 сом "салык" салып кеткен 3 каракчы кармалды

6-сентябрь күнү Каракол ШИИБге областтык территориалдык ооруканадан 1994 ж.т. Ш.А жана 1992 ж.т. М.Э. аттуу жергиликтүү жарандар денесинен алган жаракаттары менен түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу териштирүү жүргүзгөн учурда 6-сентябрь түнкү саат 01:00 чамасында, жабырлануучулар жашаган батирине белгисиз үч азия улунтундагы адамдар кирип сабап, күч колдонуу менен  «Хонор 8», «Редми ноут 11»  үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун, акча каражатын жана Ш.А.га  таандык болгон «Мерседес Бенс» үлгүсүндөгү автоунаасынын ачкычын ачык түрдө ээлеп алгандыгын аныкташкан. Ошондой эле,  кайрадан аларды кайтарып алыш  үчүн 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жабырлануучулардан кийинки күндүн  саат 17:00гө чейин табууга  мөөнөт берип  опузалагандары да маалым болгон. 

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, КЖКнын 206-беренисинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

 «Ууру”, “Алдамчы” жана “Бандит» операцияаларынын жүрүшүндө, жүргүзүлгөн ыкчам иш чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, иизин суутпай кармап, колго түшүрүлгөн. Алар 1997 ж.т. Тоң районунун тургуну Т.К., 1994 ж.т. Түп районунун тургуну И.М.  жана 1994 ж.т. Жети-Өгүз районунун тургуну Ө.С. болуп чыкты. 

Кармалган шектүүлөр, алгачкы суракта күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөргө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. 

Тергөө амалдары уланууда.

ИИМ: Ош шаарында бирөөнүн жеке буюмдарын тоноп алышкан спорт чеберлери кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ош шаардык милициясына 33 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, анын денесине жаракаттарды келтирип, жеке буюмдарын тартып алышкан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан.
Ош шаарында жайгашкан  эс алуучу жайлардын биринен түнкү маалда жабырлануучуга белгисиз адамдар кол салып, күч колдонушуп, жеке буюмдарын тартып алышкан.
Жарандан түшкөн кайрылуу боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмү (Тоноо) менен кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы укукка каршы аракеттерди жасоого шектелген жарандардын өздүгү такталган. Шектүүлөр Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочулары (спорттун чеберлери) болушат.
Бардыгы аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын бирөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийин  соттун чечими менен бардык шектүүлөргө карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат боюнча бөгөт чарасы тандалган.
Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Аламүдүн районунда карапайым жарандардын 2 телефонун жана 10 миң сомун тоноп алган 5 жаран кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырнын натыйжасында Аламүдүн районунун аймагында катталган тоноо фактысына шектелип 5 жаран кармалган. Бул боюнча 2022-жылдын февраль айында Аламүдүн РИИБүнө 1998-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш адамдар анын жана досунун телефондорун жана 10 миң сом акчасын тартып алышып белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштадын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырынын натыйжасында жогорудагы кылмышкка тиешеси бар делип 5 жарандын өздүгү такталып, алардын ичинен 4 жаран кармалган. Алар боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп, материал сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.
Ошол кылмышка катышты бар деген дагы бир шектүү жаранды кармоо үчүн өзүнчө иш бөлүнүп өндүрүшкө алынган.
2022-жылдын 8-март күнү Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган  Р.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Чүйдө талаада иштеп жүргөн өз тууганын сабашып, тоноп кетишкен жарандар кармалды

29-июнь күнү Аламүдүн районунун ИИБнө ооруканалардын бирине дене жаркаттары менен эркек киши жаткырылгандугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Ал жерден милицияга 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү 29-июнь күнү болжол менен саат 05:30 чамаларында Мраморное айылындагы талаалардын биринен туугандары аны сабап, алардын бири 3500 сом акчасын алып кетип калганын билдирген. Арыздануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканага кайрылган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзулүп, окуяга шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алардын бири 1993-жылы туулган А.А. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню