Menu

Туризмди колдоо фонду

УКМК "Туризмди колдоо фондуна" козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди

Башкы прокуратура “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасына козголгон кылмыш иши тууралуу 4-майда маалымат берди.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети фондго Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынган.

“29-апрелде Финансы министрлигине фондду аудиттик текшерүүдөн өткөрүү дайындалган”, – деди Конкубаева.

УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков фондго кылмыш иши туристтик эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу козголгонун билдирди.

Жыйынга Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова да катышып жатат. Ал кылмыш иши козголгонун жаңы билгенин айтып, ишкананын кеңсесинде жана өзүнүн, кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргөнүн ырастады.

“Жалпы 1 млрд. сом уставдык капиталдын 762 млн. 190 миң 370 сому накталай түрдө сакталуу. Ал эми жалпы 257 млн. 67 миң 294 сому коротулду. Анын 113 млн. сому туристтик эс алуучу жайларды курууга бөлүнгөн. Алар жалпысынан 68 жерге, өлкөнүн ар кайсы аймагына салынууда”, – деди Калашникова.

“Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому март айында түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленген.

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.
Мындан тышкары региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртууга, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, аялдарды окутуу программаларын, туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтөрү айтылган.

Меню