Menu

туристтик визалар

КР ТИМи кээ бир өлкөлөрдүн жарандарына туристтик визаларды берүү токтотулгандыгын билдирет

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ММКда жарыяланган кээ бир өлкөлөрдүн жарандарына туристтик визаларды берүү токтотулгандыгы тууралуу төмөндөгүнү билдирет.
Пакистан, Индия жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарынын Кыргыз Республикасына келүү процессин иретке келтирүү жана уюштуруу максатында, коопсуздук жана укуктук тартип маселерин эске алуу менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан бир катар чет мамлекеттердин жарандарынын өлкөгө кирүүсүн жана жүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн эффективдүү алгоритмди иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүп жатат.
Аталган алгоритмде чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүнө чакыруучу тарап жоопкерчиликтүү болору каралган.
Ошону менен бирге, «Электрондук виза» порталында Кыргыз Республикасынын визасын алуу үчүн арыз тапшыруу иш-чараларын өзгөртүү боюнча техникалык иштер жүргүзүлүп жатат – «Электрондук виза» порталында арыз ээлери туристтик виза алуу үчүн өз алдынча кайрылуу процесси убактылуу токтотулду жана ишкердик визасын алуудагы шарттар сыяктуу, чакыруучу уюм тарабынан айрым чет өлкөлүк жарандарды чакыруунун негизинде туристтик виза алуу функциясы киргизилүүдө.
Киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу Министрлик кошумча маалыматты берет.
Меню