Menu

Туристтик милиция

Паспортун жоготуп алган Словения мамлекетинин жаранына милициянын кызматкерлери жардам көрсөтүштү

Ысык-Көл облустук  ички иштер башкармалыгынын туристтик милициясынын call-борборуна Словения мамлекетинин жараны кайрылып, Ысык-Көл облусунун аймагында саякатта жүрүп, анын кайсыл жеринде өзүнүн паспортун жоготуп алганын билдирген.
Чет мамлекеттик туристтин кайрылуусун кабыл алган милиция кызматкерлери аны менен жолугушуп, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө коштоп келишкен. Милиция бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
негизинде түшүнүк алынып, ага паспортун жоготуп алгандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылып берилди. Андан тышкары, паспортун калыбына келтирүү боюнча юридикалык жардам дагы көрсөтүлдү.
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынан билдиргендей, туристтерге кызматтарды сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү максатында, алардын базасында call-борбор уюштурулуп, анда чет элдик турист же эс алуучу
0705009102 номерине чалып, англис же орус тилдеринде коопсуз эс алуу, же болбосо аймакты жакшы билишпесе, ал жерге кандай багыт алуу боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алышат. Жайкы туристтик мезгилде,
башкача айтканда июнь айынан башынан аталган борборго алыскы чет мамлекеттерден келген туристтерден 30га жакын кайрылуулар келип түшкөн.
Негизинен, чет мамлекеттик туристтерден, аларды кызыктырган аймакка жетүүнүн багыттарын, аларга керектүү болгон буюмдарды кайсыл жерден сатып алууга, буюмдарды жоготуу, ошондой эле каттоо маселелери боюнча
суроолор келип түшкөн. Бардык кайрылуулар боюнча Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынын кызматкерлери тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлүп, чет мамлекеттик жарандардын кайрылуулары чечилди.

Меню