Menu

Туркия

Түркиянын Кападокия аймагында “Кыргызстан” паркы ачылды

Кечээ, 31-августта Түркия Республикасынын Кападокия аймагынын Үчхисар муниципалитетинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Элчи Кубанычбек Омуралиев, Невшехир аймагынын Губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын Мэри Мехмет Савран, Кыргызстан-Түркия Парламенттик достук группасынын Башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Сабри Өзтүрк жана Үчхисардын Башчысы Осман Сүслү катышышты.

Боз үйлөр тигилип, парктын аталышы жана анын ачылыш тарыхы менен стела тургузулган “Кыргызстан” паркынын ачылышына арнап, иш чаранын коноктору “Достук дарагын” отургузушту.

Ошондой эле Эгемендүүлүк майрамына карата Кыргызстандын Мамлекеттик желеги 800 метрден ашык бийиктикте учкан шар менен көтөрүлүп желбиретилди.

Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын алкагында, Үчхисардын тарыхый мунарасында (туристтер эң көп зыярат кылган жай) кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана жашоосу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхый жерлерин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле, бир күн мурда, Үчхисар мунарасынын түбүндө кыргыз жана түрк өнөрпоздорунун катышуусунда майрамдык концерт өттү. Концерттин жүрүшүндө мунарага Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери жана эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдогандын сүрөттөрү чагылдырылды.

Невшехир аймагына болгон иш сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Невшехир аймагынын Губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын Мэри Мехмет Савран, Невшехирдин Соода-өнөр жай палатасынын Торагасы Ариф Пармаксыз жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту.

Өткөн жолугушууларда региондор аралык мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар Невшехирде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин  сүйлөшүштү. Кыргызстандын Элчиси мекендештердин аталган аймактагы жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аларга максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Меню