Menu

Тышкы карыз

Президент Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы уюмдарына кайрылды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна “жашыл” долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Мамлекет башчы бул кайрылууну 8-январда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда Кыргызстан жашыл экономика жаатында башка өлкөлөрдөн артта калганы, бийлик бул багыттагы иштерди тездетүүгө ниеттенип жатканы айтылат.

Президент бул багытта өлкөнүн тышкы карызын “жашыл” долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин карап чыгууну тапшырганын билдирди.

Кайрылууда Кыргызстан гидроресурстарга бай экени, бул багыттагы потенциалдын 10% гана колдонулуп келгени, соңку жылдары ГЭСтерди курууга маани бериле баштаганы сөз болгон.

Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттары менен энергетика багытында кызматташууну сунуштады.

“Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз. Жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин кызыл тасмасын донор өлкөлөр менен чогуу кесмекпиз. Биз, бардыгыбыз балдарыбыздын экологиясы таза, бай өлкөдө жашашын каалайбыз”, – деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

2022-жыл Кыргызстанда “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланган.

2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыян газдарды 44% кыскартарын, 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн айткан.

2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 млрд. 218 млн. долларды түзгөн. Анын 80% тышкы, 20% ички карыз. 2022-жыл ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү 71 млн. долларга өскөн. Январь-ноябрь айларында ички карызды төлөөгө 10 млрд. сом, тышкы карызды жабууга 20,6 млрд. сом жумшалды.

Садыр Жапаров: «Бир күн, бир саат да кечиктирбей тышкы карызды төлөйбүз»

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу президент!

— Саламатчылык!

— Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөбөсөк эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экенин эскертти. Бир катар мамлекеттерди мисал да келтирди. Бирок, буга чейин сиз айтпадыңыз беле “Кумтөрдү” алсак эле тышкы карыздан заматта эле кутулабыз дегендей. Бул жагы кандай болуп калды? Төлөй албай калчу коркунучу барбы?

— Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан эки-үч жыл мурда ушундай коркунуч бар эле. Баарыбыз тышкы карыздарыбыздан кантип кутулабыз деп кабатыр болчу эмес белек. Азыр андай коркунуч жок. Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык эле болуп турса, баардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз. Ал эми Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайы колдобой, каршы чыгып жатышпайбы. Ошолорго тиешелүү айтылды деп билсеңиздер болот. Ал айтып жатат: «Сырткы карызыбыз бар экенин унутпаңыздар. Быйыл 270 млн доллардын тегерегинде карыз төлөйбүз. Ошондуктан киреше булактарга тиешелүү мыйзамдарды колдоп берип туруңуздар, 5-10 тыйын болсо да жардам болсун» деп. Кечээ парламентке барганда мен да депутаттардан сурандым. Экономикага тиешелүү маселелерге келгенде популисттик ооруну экинчи орунга жылдырып, колдоп берип туруңуздар деп.

— Айрым НПОчу саясатчылар бул бийлик тышкы карызды 1 миллиард 250 миллион долларга көбөйтүп салды деп чыгышты. Ошол чынбы?

— Карандай калп. Демократия деп эле ойуна келгенди сүйлөй бергендерге ишенбегиле. Тышкы карыздарыбыз боюнча бир гана каржы министрлигинин официалдуу маалыматына ишенсеңиздер болот.

Мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жарымы кредит, жарымы грант катары алынган суммалар бар. Бирок карыздын суммасы 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок. Кандай болгон күндө дагы тышкы карыздарыбызды ар жылы өз убагында толук жаап, кутулабыз. Буга мамлекетибиздин күчү жетет. Эч камсанабаңыздар. Киреше булактарыбыз пайда боло баштады. Алдыда дагы пайда болот. Мурда салык менен бажынын эле көзүн карап олтурчубуз. Эгер биз карыз алсак дагы мурдакылардай болуп жарымын жеп албайбыз. Алган акча өзүн-өзү актай турган, киреше бере турган, пайдасын эки-үч эселеп алып келе турган тармактарга жумшайбыз.

— Октябрь окуясы боюнча сотто өтүп жаткандар баары эле акталышты. Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар бар. Айрым блогерлер бийлик менен соодалашуу болду деп айтып чыгышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?

— Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма “Соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго айткам “Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот” деп. Мындан ары мурдакыдай ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт.

— Маегиңиз үчүн чоӊ рахмат, ишиңизге ийгилик!

Меню