Menu

Түп

Түп районунда мыкаачылык менен адам өлтүргөн жаран кармалды

9-сентябрь күнү болжол менен 19:30 чамаларында Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Түп райондук орууканасынан, Түп айылынын үйлөрүнүн биринин ичинен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн, европа улутундагы 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылганын кабарлашкан. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факт боюнча Түп РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130- беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, алгачкы сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тергөө ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барып, 41-жаштагы К.Е. үйдүн ээси экендиги аныкталып, жансыз денесин тышкы кароо учурунда анын бети баштары, колдору жана кийимдери кан экендиги, мындан тышкары криминалдык тактар бар экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе, кылмышка шектүү Түп айылынын тургуну 48-жаштагы М.Т. кармалып, кылган кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна алып, окуя боюнча каза болгон К.Е. экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетип, ал аны колу буту менен катуу сабап тепкилеп кетип калгандыгын билдирген. Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камака алынды.

Азыркы учурда соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.

Меню