Menu

Түркиядагы жер титирөө

Түркиядагы жер титирөө: сапатсыз курулуш иштери боюнча 182 киши кармалды

Түркияда 6-февралдагы катуу зилзаладан имараттардын кыйрашы боюнча 182 киши кармалып, 400дөн ашуун киши шектүү катары эсептелип жатат.

Associated Press маалымдагандай, негизинен алар – үйлөрдү курган компаниялар, имараттардын ээлери же жетекчилери. Түркиянын юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, кармалгандардын арасында бир шаардын мэри да бар.

Эксперттер кыйраган имараттардын көбүндө сапатсыз курулуш материалдары колдонулуп, мамлекеттик стандарт сакталбаган болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Түрк бийлиги талоончулук фактылары боюнча да иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 200дөй киши кармалды.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 50 миңге чамалады.

Түркиядагы кыргыз куткаруучулары жер титиреген Хатай шаарындагы урандылардын алдында 13 күн жаткан дагы 3 адамды тирүү таап чыгышты

Бүгүн, 18-февралда Түркиянын жер титиреген Хатай облусунун Антакья шаарында издөө-куткаруу иштеринин нытыйжасында кыргыз куткаруучулары 5 адамды урандылардын астынан алып чыгышты. Алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Ал 5 адамдын үчөөсү тирүү, ал эми 2 баласы каза болуп калган. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Дээрлик 100 пайызга тирүү адам жок деген шартта 3 адам куткарылды.

Жер титирөөнүн кесепетинен түп тамыры менен урап түшкөн 6 кабаттуу турак үйдө куткаруучулар түрк жаранынын кайрылуусу менен улгайган аял кишинин сөөгүн издеп жатып тирүү адамдардын бар экендигин аныкташкан.
Урандынын астында калган жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылган куткаруучулар ал жакта жалпы 5 адам бар экендигин айткан. Натыйжада куткаруучулар 1 саат аралыгында бир үй бүлө мүчөлөрүн толугу менен куткарып чыгышкан.
Алдын ала маалымат боюнча 40 жаштагы эркек 30-35 жаштагы аял киши (жубайы), 12 жаштагы уулун тирүү сактап калышкан. Ал эми 18 жаштагы кыз, 7-10 жаштагы бала каза болуп калган.

 

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин Бишкекте мурун курулган үйлөрдүн да бекемдиги текшериле баштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилип жатканын парламенттин 16-февралдагы жыйынында билдирди.

Ал депутат Марлен Маматалиевдин суроосуна жооп берип жатып, буга чейин курулган имараттар да текшерилерин маалымдады.

“Бетондун бекемдигин текшерген “Молоток Кашкарова” шайманын буйрутма бердик. Андан тышкары, рентген аппараты менен да текшеребиз. Эгерде имараттын кайсы бир жерин бекемдеш керек болсо, куруучусун таап чыгып тапшырма беребиз. Курулганына 10-15 жыл болгон болсо да табабыз. Бул жумушту бир кварталдын ичинде аягына чыгарабыз. Ал эми азыр курулуп жаткан үйлөрдү катуу көзөмөлгө алабыз”, – деди Жапаров.

Түркияда жана Сирия он миңдеген адамдын өмүрүн алган соңку жер титирөөдөн кийин курулуштардын сейсмикалык коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүүдө. Кыргызстанда кабат үйлөр 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере аларын 10-февралда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун отурумунда Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу билдирген.

15-февралда президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде, Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты тууралуу суроого жооп берип жатып, бул тармакка көзөмөл акыркы эки жылда гана күчөтүлгөнүн билдирген.

Түркиядагы зилзала: казакстандык куткаруучулар урандылардын алдынан 85 кишинин сөөгүн алып чыгышты

Түркиядагы казакстандык куткаруучулар урандылардын алдынан 85 кишинин сөөгүн алып чыгышты. Арасында он бала бар. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ушул тапта казакстандык адистер Түркиянын эки калктуу конушунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Бир топ Газиантеп шаарындагы толугу менен кыйраган тогуз кабаттуу үйдө иштеп жатат. Урандылардын алдынан төрт киши куткарылды, 27 адамдын сөөгү табылды.

Экинчи топ алты кабаттуу имараттын урандылардын казып жатышат. Ал жактан 24 кишинин сөөгү чыгарылды. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги урандылардын алдынан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү – атасы жана анын эки баласы аман табылганын кошумчалады.

Түркиядагы жер титирөөдөн үч казакстандык мерт болду. Дагы бир казакстандык келин аман табылды. Ал колунан жараат алган.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 40 миңге жакын адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды.

Видео - Түркияга барган кыргызстандык куткаруучулар 5-адамды урандылардын астынан тирүү алып чыгышты

Бүгүн, 13-февралда Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси ” аталган аймагында жер титирөөдөн улам ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты. Бул тууралу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстан кечээ 80 куткаруучу жана алты дарыгер жиберди. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

80 куткаруучу жана алты дарыгер 12-февралда жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 33 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

Түркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган төрт адамды тапты

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Түркиянын зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулар жалпы төрт адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыкты.

Маалыматка ылайык, 12-февралда саат 22:00 чамасында урандылардын арасында тирүү калган адам бар экени аныкталып, алты жарым сааттай тынымсыз казуу иштеринин кийин 50 жаштар чамасындагы эркек киши аман-эсен куткарылган.

Андан алдын, 7 жаштагы баланы уранды алдынан аман таап чыкан. 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн алтынчы күнүндө 22 жаштагы кош бойлуу келинди, 16 жаштагы өспүрүмдү уранды алдынан алып чыккан эле.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстан кечээ 80 куткаруучу жана алты дарыгер жиберди. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

80 куткаруучу жана алты дарыгер 12-февралда жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 33 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

Түркия менен Сирияда зилзаладан өлгөндөрдү саны 34 миңден ашты

Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 29,5 миңден ашты. Al Jazeera маалымдагандай, Сирияда зилзаладан төрт жарым миңден ашуун киши мүрт кетти.

Эки өлкөдө жаракат агандардын саны 80 миңден көп. Жүз миңдеген кишилер үй-жайынан ажырады.

Урандылар арасында иштөө уланууда. Ага 70 өлкөнүн куткаруучулары жана медиктери катышууда. Азыркыга чейин урандылардын алдынан тирүү адамдар табылып жатат, арасында балдар да бар.

Түркияда имараттардын кыйрашы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Шектүү 100дөн ашуун адамды кармоо боюнча токтом чыкты. Дагы 50дөй киши талоончулук үчүн кармалды. Өлкөнүн президенти Режеп Эрдоган алар жазадан кача албай турганын айтты.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.

Түркияда үч айга өзгөчө абал жарыяланды.

Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жиберди

Кыргызстан 12-февралда катуу жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

“Калган куткаруучулар, боз үйлөр жана керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи”,-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан буга чейин Түркияга дагы 100 куткаруучу, 100 боз үй жөнөтөрүн кабарлаган.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук департамент Бишкектен Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Анда жардам жүктөлгөн учак 12-февралда Газиантеп шаарына конору болжолдонуп жатканы, бул аймакка Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев барганы айтылган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан келчү боз үйлөрдү тигүү үчүн Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардын ыктыярчылар тобу түзүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү.

Кыргызстан Түркияга зилзаланын алгачкы күнүндө эле 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.

Түркиядагы зилзалада кыргызстандык келин мерт болгону кабарланды

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында зилзаладан Кыргызстандын бир жараны каза тапканы кабарланды.

Аталган провинциянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганын 9-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган.

Консулдуктун кызматкерлери учурда мигрант келиндин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Азырынча маркумдун тек-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек.

Буга чейин социалдык тармактарда Хатай шаарында иштеп жүргөн М.Б. аттуу кыргыз жараны апаат болгон түндөн бери байланышка чыкпай жатканы тууралуу кабарлар тараган.

6-февралдагы катуу зилзаладан кийин Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Түркиянын жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарындагы кыргыз жарандары үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстандын Стамбулдагы жана Антальядагы башкы консулдуктарынын кызматкерлери Хатай шаарындагы байланышка чыкпай жаткан кыргыз жарандарын издөө иштерин жүргүзүүдө.

Түркияда жана Сирияда дүйшөмбү күнү болгон удаалаш жер титирөөлөрдөн набыт кеткендер 20 миңге жакындады. Курмандыктардын 17 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа 9-февралда кечке жуук кабарлады. Кыйратуучу зилзаладан өлгөндөрдүн 37% дал ушул Хатай аймагынын тургундары. Түрк бийлиги он миңдеген адамдар жаракат алганын билдирүүдө.

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт

Жогорку Кеңештеги президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбековдун Кыргызстандын Түркияга ыктыярчылар тобун жөнөтүү сунушуна жооп берди.

Ал 9-февралдагы жыйында жер титирөө болгон аймакка атайын даярдыктан өткөн адистер гана бара аларын айтып, ушул жемшембиде дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөрүн айтты.

“Түркиядагы куткаруу иштерине аттестациядан өткөн гана куткаруучулар катыша алат. Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 67 куткаруучу боордош Түркияда үч күндөн бери иштеп жатат. Ушул жекшембиде дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө”, деди Абытов.

Буга чейин Кыргызстандан барган куткаруучулар жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 19 700гө жеткенин 9-февралда кечке жуук BBC кабарлады. Алардын 16 миңден көбү Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Меню