Menu

Түрк мамлекеттер уюму

Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммити өтөт

2-3-ноябрда Казакстандын Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт.

Жыйынга катышуу үчүн президент Садыр Жапаров катышуу үчүн Астанага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммит “TURKTIME” темасында өтөт. Бул Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – билим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия дегенди билдирет.
Маалыматка караганда, өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.
Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Ошондой эле 6-февралды “ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү” деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алуу каралган.
Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат.
Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилгеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет.

Бердымухамедов Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болорун билдирди

16-мартта Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышкан Түркмөнстандын Элдик кеңешинин (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан жакын арада бул уюмга мүчө болоруна ишенерин билдирди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Бердымухамедов: “Түркмөнстан эми уюмга байкоочу эмес, чыныгы мүчө катары катышат”, – деген.

Мындан тышкары ал Түркия президентин Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү колдогон.

Бердымухамедов Эрдоган менен 22 жылдан бери тааныш экенин белгилеп, аны өз эли гана эмес, жалпы мусулман элдеринин бейпил жашоосу үчүн улуу иштерди жасап жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы деп атаган.

2009-жылы бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген ат менен алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болгон. 2019-жылы Өзбекстан уюмга мүчө болуп кирип, былтыр альянс Түрк мамлекеттер уюму деп аталып калган. Түркмөнстан менен Венгрия азырынча байкоочу макамга ээ.

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмунун толук кандуу мүчөсү болгон жок

Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин уюмунун IX саммитинин жыйынтыгында Түркмөнстан уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп жарыяланган жок.

Бул жолку жыйында Түркмөнстандын уюмга толук кандуу мүчө болуп кошулары кабарланып жаткан. Бул тууралуу 29-сентябрда түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирип, Самаркандда бирикменин мүчөлөрү көбөйөрүн сүйүнчүлөгөн:

“Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. Буга чейин уюмга байкоочу болгон Түркмөнстан Самарканддагы саммитте толук кандуу мүчө болуп кирет. Муну менен түрк тилдүү үй-бүлөбүздү толуктайбыз”.

Бирок бул жолку жыйында Түркмөнстандын мүчөлүгү жөнүндө сөз болгон жок. Түрк министринин эки ай мурунку маалыматы эмнеге ишке ашкан жок, ага эмне себеп болгонун эч ким түшүндүргөн жок.

Түркмөнстандын атынан саммитке өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов келди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) Бердымухамедов жыйынга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен ардактуу конок катары катышып жатканын кабарлаган.

Уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болчу. 2019-жылы Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирип, былтыртан бери Түрк өлкөлөрүнүн уюму деп атала баштаган. Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында катышып келет.

Мирзиёев түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда эркин экономикалык аймак түзүүнү сунуштады

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат.

Ага уюмдун мүчөлөрү – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышып жатат.

Жыйынды өзбек президенти Шавкат Мирзиёев ачып, былтырдан тарта аталышын өзгөрткөн уюм түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгында жаңы барак ачылганын билдирди.

Ал учурдагы дүйнөдөгү экономикалык кризис шартында түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыкты чыңдашы керектигин кошумчалады. Мирзиёев уюмга мүчө өлкөлөр экономикалык жааттагы кызматташтыкта мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонбогонун, бажы төлөмдөрү жогору экенин белгилеп, эркин соода жүргүзүү аймагын түзүүнү сунуштады. Транспорттук байланышты күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Өзбек президенти коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин, дүйнөнүн ар кыл бурчундагы жаңжалдар түрк дүйнөсүнө коркунуч туудуруп жатканын кошумчалады. Бул шартта коопсуздук органдары терроризмге каршы, киберкоопсуздук жаатында биргеликте иш алып барышы керектигин сунуштады.

Буга чейин айтылгандай саммитте мамлекет башчылар көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, уюмдун 2022-2026-жылдарга карата декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат.

Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун баш катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун багыттарын талкуулаган.

Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити башталат

11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун 9-саммити башталат. Жети өлкөнүн лидерлери катышары кабарланган жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы кызматташтык талкууланат.

Бул ирет уюмга Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп, бирикменин баш катчылыгына кыргызстандык дипломат Кубанычбек Өмүралиев тандалары күтүлүүдө.

Былтыртан тарта Түрк мамлекеттер уюму деп аталышын өзгөрткөн уюмдун саммити Өзбекстанда алгачкы жолу уюштурулууда. Бул иш-чарага өзбек бийлиги даярдык көрүп, аны чагылдыруу үчүн буга чейин аккредитация албаган айрым маалымат каражаттардын кабарчыларын да чакырды.

Уюмдун катчылыгынын маалыматына караганда, Самарканддагы саммитке Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан президенттери, байкоочу өлкө болгон Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурдагы Калк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышары күтүлүүдө.

Бул жолку жолугушуу “Түрк цивилизациясынын жаңы доору: чогуу өнүгүүгө биргеликте кадам” деген ураан алдында уюштурулуп жатат. Анын алкагында уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда гуманитардык кызматташтыктан тарта экономикалык байланыштарды чыңдоо, транспорт жана бажы иши, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор да талкууланары айтылды.

Саммиттин алдында уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлери Түрк инвестициялык фонду, биргелешкен соода үйлөрүн ачуу жана Турансез экономикалык аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация да катышат. Жапаров Самаркандга 10-ноябрда учуп барды.

Анын алдында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев уюмдун баш катчылыгына Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынарын билдирген.

“Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда. Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат”, – деди Азымбакиев.

Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келген 62 жаштагы Өмүралиев Кыргызстандын атынан уюмду жетектеген алгачкы баш катчы болуп калат. Буга чейин уюмду төрт жыл казакстандык дипломат Багдат Амреев жетектеген.

Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Өзбекстанга өтөт

Түрк мамлекеттер уюмунун 10-11-ноябрь күндөрү Самарканд шаарында өтө турган саммитинде уюмга төрагалык кылуу Өзбекстанга өтөт. Бул тууралуу 9-ноябрда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Аймактык уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Рахматилла Нуримбетов билдирди.

Анын айтымында, саммиттин күн тартибине соода мамилелерин өнүктүрүү, бажы тейлөөсүнө байланышкан процесстерди жеңилдетүү жана кошумча транспорттук коридорлорду уюштуруу маселелери кирди. Саммиттин соңунда жыйынтыктоочу документ катары Самарканд декларациясы кабыл алынат.

Сентябрдын аягында Түркиянын тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу Түркмөнстан Түрк мамлекеттеринин уюмуна толук кандуу мүчө болуп кирерин билдирген. Бирок ал бул маселе уюмдун Самарканддагы саммитинин күн тартибине кирер-кирбесин айткан эмес.

Түрк мамлекеттеринин уюму 2009-жылы октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) катары түзүлүп, курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген.

Өзбекстан уюмга кирүү ниетин 2018-жылы билдирип, 2019-жылы Баку шаарында өткөн саммитте кабыл алынган.

2021-жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк кеңешинин аталышы Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүлгөн.

Меню