Menu

Түштүк Корея + Борбордук Азия

КРнын делегациясы «Борбордук Азия - Корея Республикасы» кызматташтык форумунун 15-жыйынына катышты

Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Пусан шаарында өткөн «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык форумунун (CARK) Борбордук Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган юбилейлик 15-жыйынына катышты.

Форумдун 15-отурумунун күн тартибине саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, туризм, экономикалык коопсуздук, экология жана энергетика сыяктуу актуалдуу маселелер коюлду. Күн тартибине ылайык, мындан аркы тыгыз өз ара аракеттенүү жана жетишилген макулдашууларды биргелешип ишке ашыруу үчүн Борбордук Азиянын жана Түштүк Кореянын өкүлдөрүнүн катышуусунда жогоруда аталган багыттар боюнча пленардык жыйындар өткөрүлдү.

Өз сөзүндө министр Ж.Кулубаев белгилегендей, «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форуму өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу аймактык аянтчасы болуунун келечектүү жолунда өнүгүп, көптөгөн актуалдуу багыттар боюнча практикалык кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери менен Корея Республикасынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого зор салым кошууда.

КР ТИМинин башчысы Кыргызстандын тышкы саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири коңшу мамлекеттер, ошондой эле Корея Республикасы менен өз ара урматтоонун жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн негизинде достук мамилелерди чыңдоо экендигин баса белгиледи. Борбордук Азия чөлкөмүндөгү практикалык өз ара аракеттенүү акыркы жылдары оң динамикага ээ болуп, принципиалдуу жаңы деңгээлге чыкты. Ал белгилегендей, бул контекстте Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын форматы аймактык кызматташтыкты илгерилетүүдө маанилүү роль ойнойт, анын төртүнчү жыйыны 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өтүп, Борбордук Азиядагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүдөгү эффективдүү кадам болуп калды.

Ошону менен бирге, «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форуму «CA+» форматындагы башка диалогдук аянтчалардан байкаларлык айырмаланып, анын максаттарды жана принциптерди илгерилетүүчү толук кандуу жана жигердүү иштеп жаткан Катчылыгы бар экенин кошумчалады.

Ж.Кулубаев Кыргызстандын форумдун практикалык потенциалын ачууга, катышуучу-өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп берген бардык приоритеттүү багыттар боюнча долбоорлорду жана иш-чараларды активдүү илгерилетүүгө жана катышууга кызыкдар экенин ырастады. Форумда каралган багыттарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарынын негизин түзөт. Бул багыттар боюнча Кыргызстан менен Кореянын ортосунда эки тараптуу негизде да, Форумдун алкагында да жемиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

Корея Республикасынын Тышкы иштер министри Пак Чин өз сөзүндө Корея Республикасы Борбордук Азия аймагы менен кызматташууга өзгөчө маани берерин жана форумдун күн тартибине ылайык өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ар кандай биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну улантарын белгиледи. Ал кошумчалагандай, Борбордук Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн берки 30 жыл аралыгында мамлекеттер толук кандуу туруктуу саясий диалог түзүүгө жетишип, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жанданууда.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларына ошондой эле Пусан шаарынын мэри Пак Хён Чун да кайрылды. Мэр Пак Хён Чун өз сөзүндө Борбордук Азия регионунун шаарлары менен боордоштук байланыштарын чыңдоого корей тарап кызыкдар экенин эске алуу менен Борбордук Азия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Форумдун жыйынынын жыйынтыгында делегация башчылары КАРК форумунун Катчылыгынын 2023-жылга иш планын бекитип, Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кореянын тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышты, анда өз ара аракеттенүүнүн бардык катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп берген жана актуалдуу келечектүү багыттары чагылдырылды.

Мындан тышкары, Сеулдагы Форумдун 15-жыйынына катышуунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчыларынын Корея Парламентинин Төрагасы Ким Жин Пё жана Кореянын Премьер-министри Хан Док Су менен жамааттык жолугушуулары өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө корей тарап Борбордук Азия аймагы мындан ары да Корея Республикасынын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири бойдон кала берерин белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин баса белгиледи.

Маалымат үчүн: ушул жылдын 23-25-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Корея Республикасында расмий сапар менен жүрөт, анын алкагында Кореянын Тышкы иштер министри, Кореянын Парламентинин Спикери жана Премьер-министри менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Меню