Menu

Төрт-Көчө

Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Төрт-Көчө тилкесине статус-кво берилип жатканын билдирди. Өлкө башчы анын алкагында Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын кошумчалады.

“Сиз кол коюп жиберген (ред: Адахан Мадумаров) протокол боюнча “ал мыйзамсыз” деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухга түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот”, – деди Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров 17-январда “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Жогорку Кеңеш ушул тапта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.

Меню