Menu

Төрөбай Зулпукаров

Башкы прокуратура: Парламент жоопко тартууга макул болбосо Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигенов абактан бошотулат

Эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигенов камактан бошотулат. Бул тууралуу 7-декабрда Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматта айтылгандай, эгер Жогорку Кеңеш макулдук берсе алар кылмыш-жаза жообуна тартылат, ал эми макулдук берүүдөн баш тартуусу үч саясатчынын “камактан бошотулушуна негиз болот жана депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө аларга карата иш убактылуу токтотулат”.

Жээнбеков менен Зулпукаров “Кумтөр иши” боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Ал эми Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24 жана 29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

Бул маселени кароо үчүн 1-декабрда депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал бир ай ичинде уруксат берер-бербесин аныктап, корутундусун жалпы палатага алып чыгары айтылган.

Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Жоомарт Оторбаевдин камактагы мөөнөтү 30-ноябрга чейин узарды

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда ушундай чечим чыгарды.

Сот отуруму болуп жатканда сыртта тарапташтары алардын бошотулушун талап кылып турушту.

Депутаттар Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу 2021-жылдын май айында камалган. Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаевди УКМК 16-сентябрда кармаган.

“Кумтөр иши” боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген. Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган күнөөнү четке кагып келатышат.

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров дагы эки айга абакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду дагы эки айга, 30-сентябрга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда кармалып, 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. УКМКнын маалыматына ылайык, аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Соттун алдында эки депутаттын ондогон тарапташы абактан бошотууну талап кылып турду.

Алардын тарапкерлери үй камагына чыгаруу талабы менен улам нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранып, билдирүү дагы таратышкан.

Асылбек Жээнбеков – мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.

Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

УКМК: КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаровдун жогорку билим тууралу диплому жасалма экени аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында,  мурдагы вице-спикер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “КСДП” фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, «З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.

Андан кийин, «З.Т.З.» Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алуу колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган.

Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун абактан жазган каты

Ассалому Алейкум Урматтуу элим.
Акыркы күндөрү мага коюлуп жаткан айыптар боюнча сиздерге кайрылууну туура көрдүм.
Мен 2010-жылдан баштап Жогорку Кеӊештин депутаты болдум. Өзүмдүн элиме, мен депутаттыка койгон Ноокат районундагы шайлоочуларыма тереӊ ыраазычылык билдирем. Мен 10 жылдан ашуун депутат болуп иштегениме өкүнбөймүн. Негизги депутаттын милдетттерин так аткарууга аракет кылдым. Мыйзам чыгарууда жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө менин ишмердүүлүгүмө жалпы кыргыз эли күбө. Ошондой эл өкүлүнүн милдетин аткарууда, бир канча мечиттерди, медреселерди, мектептерди, бала-бакчаларды, ФАПтарды бюджеттен, кайрымдуулук фонддор, ашар жолу менен жана бир туугандарым менен куруп бердик.
Кайрымдуулук фонддордун иштөө багытын, социалдык объекттерге өзгөчө көӊүл буруу үчүн бурдук. Катар, Сауд Арабия Королдугу, Араб Эмираттарында жана Марокко, Кувейт мамлекеттеринде болуп кайрымдуулук фонддору менен тыгыз байланышта жалпы мамлекетибизде курулуп жаткан социалдык объектилердин курулушуна себепчи болдук. Бул жумуштардын баары элге жагынуу багытында эмес, Жараткандын ыраазычылыгын издеп жасадык десем жаӊылышпаймын. Ушул иштердин бирөөсү Жараткандын алдында кабыл болуп калса мен үчүн, менин акыретим үчүн, өтүп кеткен ата-энем үчүн эӊ чоӊ ийгилик.
Мыйзам чыгарууда кээ бир тармактарга өзгөчө көӊүл буруп, көп эле душман ашырыптырмын. Ар түрдүү коркутуу, соцсеттер аркылуу жалган жалаалар дайыма мага карата катуу болду. Мен баарын Кудайга койдум! Башка саясатчыларга окшоп бир да журналистке жамандап бирөөдөн заказ кылганым жок. Фейк аккаунт ачып бирөөлөрдүн акылына киргим келген жок. Анткени акырет бар экенине ишенип, Жараткандын каарынан корком. Бул дүйнө түбөлүктүү эмес экенине толук ишенем. Өзүмдүн баракчамда дайыма позитив маалыматтарга эле орун берем. Бирок акыркы мага коюлуп жаткан айыптарды карап туруп таӊ калдым. «Кумтөр» ишканасы боюнча бир да тиешем жок. Мен Кумтөрдө иштеген кызматкерлерди тааныбаймын. «Кумтөр» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын Жогорку Кеӊеште каралып жаткан учурда, бир да ооз эки жана кагаз түрүндө сунуш да бербептирмин. Эгер мыйзам иштесе мага карата мындай чечим чыгышы мүмкүн эмес эле.
Сабыр кылып мыйзамдуу акыйкат чечим чыгышын күтүп туралы. Жалган жалаанын өмүрү кыска, аны баарыбыз түшүнүп турабыз. Элибиздин алдында жүзүбүз жарык.
Менин ишим боюнча каралып, чечим чыгарып жаткан тиешелүү адамдарга ыйман, адилеттүүлүктү Жараткандын алдында тилеймин.
Чек ара, тышкы саясат, бюджеттин тартыштыгы болуп жаткан азыркы учурда мыйзамдуулукту сактап, бир муштумдай биригип кырдаалдан чыгуу керек.
Мамлекетибиз тынчтыкта, элибиз амандыкта болсун!
Төрөбай Зулпукаров.
Меню