Menu

Убактылуу өкмөт

Июнь коогасы: Ошто издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаева кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Карамат Абдуллаева 2010-жылдагы июнь коогасына шек саналып камакка алынганын билдирди. Анда Улуттук коопсуздук комитети менен бирге жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде буга чейин издөөдө жүргөн Абдуллаева 22-апрелде колго түшкөнү айтылат.

“Карамат Абдуллаева Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон. Абдуллаева 2014-жылы сыртынан 16 жылга соттолгон. Толугураак маалымат кийинчерек берилет”,-деп жазылган маалыматта.
Абдуллаева 2010-жылга чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп турган.
УКМК 2021-жылы Июнь коогасына байланыштуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши кооганы уюштургандардын бири делген Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.
Кылмыш ишинин алкагында 20дай саясатчы суралган. Арасында 2010-жылы өлкөнү жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар.
Президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы бул иштин алкагында сурак берген.
Расмий маалыматка ылайык, 2010-жылы Оштогу кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.
2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, өлкөдөн чыгып кеткен ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган.
Кадыржан Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Курманбек Бакиев ушу тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Асейин Саралаев, "Ата-Мекен" партиясынын экс-мүчөсү: "Садыр Жапаровдун бийлиги Кумтөрдөгү коррупционерлердин беттерин ачкан сыяктуу 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуяларын да терең иликтеп, күнөөлүүлөр өз жазасын алат деп ишенем"

Пандоранын кутусунун түйүнү качан чечилет?
Каргашалуу июнь окуялардын болгонуна 11 жыл болду. Алоолонгон өрт, сыздаган жүрөк, төгүлгөн кан, буркураган көз жаш, талкаланган тагдыр, дайынсыз жоголуу, окко учкан өмүр, жанчылган дене…Айтор душманыңа дагы каалабай турган коркунучтуу көрүнүштөр чындыкка айланган азаптуу күндөрдүн өткөнүнө 11 жыл болуптур.
Негедир ушул күнгө чейин 2010-жылдагы июнь коогалаңына акыйкат баа берилбей жатканы өкүндүрөт. Эң күлкүлүүсү июнь коогалаңы жөнүндө сөз чыкса эле ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү уялбай туруп бир ооздон «Бакиевдердер күнөөлүү» деп айткандан артка кайтышпайт… УӨнүн мүчөлөрү үчүн: каза болушкан 446 адамдын каны, жарадар болушкан 2000 ге чукул адамдын азабы менен дайынсыз жоголуп табылбай жаткан 20 дай адамдын убалы жөн гана тамаша сыяктуу кабыл алынып келгендей сезиле берет… Июнь окуясы козголсо эле Роза Отунбаева баш болуп, Текебаеви төш болуп бүдөмүк сырды жашыргандай кайпакташып «кара кутуну» ачпагыла деп коңгуроо кагып киришет.
Азыр июнь окуясын сөз кылсаң эле: «Эмне үчүн 7-апрелди айтпайсыңар. Бакиевдер элдин баарын кырып кетти. Баланча адам өлдү, баланчасы жарадар болду»,- деп каргап-шилеп киришет. Бирок бул жерде көп сырдын түйүнү ошол ИЮНЬ ОКУЯСЫНДА жаткандай…
Аристотелдин «Пандоранын кутусунун ачылышы маанилүү эмес кутуну чырмаган чынжырдын түйүнүнүн чечилиши маанилүү»,- деп айтканы бар. Азыр 2010-жылдагы ПАНДОРАНЫН КУТУСУНУН ИЧИНДЕ: Курманбек Бакиевдин бийлигин кулатуу үчүн 2006-жылы башталган оппозициянын жашыруун кутумдары, 2007-2009-жылдардагы тузактар, телефон козголоңу, 2010-жылдагы митингдер жана кандуу 7-апрель окуясы, банктагы миллиондогон акчалардын уурдалышы, Бакиевдер бир дагы тыйынын албай өлкөгө калтырып кеткен орусиялык 300 миллион доллардын сыры катылып жаткандай. Бирок ПАНДОРАНЫН кутусунун ачуу үчүн сыртындагы чынжырды чечүү керек. Сыртындагы чынжырдын бекем түйүнү болсо ИЮНЬ ОКУЯСЫ болуп турат…
Эгер Садыр Жапаровдун бийлиги Кумтөр менен коррупционерлердин беттерин ачкан сыяктуу ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН күнөөкөрлөрүн коркпой жазага тартса анда Пандоранын кутусунун ичиндеги болгон азаптуу сырдын баары ачылчудай болуп турат… Июнь окуясынын учугу: ошол эле апрель окуясына, уурдалган акчаларга, мародёрлор менен рейдерлик баскынчыларга, батыш менен Россиянын кутумчуларына, Кадыржандын билинбеген сепаратисттерине чейин алып барып Пандоранын кутусу талкаланат болчу…
Садыр Жапаровдун: «Биздин эки гана принцип бар: ЧЫНДЫК жана АДИЛЕТТҮҮЛҮК»,- деген жакшы сөзү бар. Чындык билинсе адилеттүүлүк өз ордун алат.
Ошол кезде канкор Батыровдордун сепаратисттери менен коюн-колтук алышып БАКИЕВДЕРДИН ата-конуштарын өрттөгөндөр ким эле? Ошол кезде кан ичкич Батыровдун сепаратисттерине өлкө ичинде өлкө түзүүгө кимдер дымак берди эле? Мына ошонун баары ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН түйүндөрүнүн бири эле…
Буюрса ИЮНЬ ОКУЯСЫ кайрадан терең иликтенип чыныгы күнөөлүүлөр өз жазасын алат деп ишенем.
Бул жерден бир акыйкатты айтып кетким келди. Эгерде 2010-жылдагы 7-апрель төңкөрүшү болбогондо июнь окуясы дагы болмок эмес. Президент Курманбек Бакиев агабыз, көрүндө өкүргүр Батыров сыяктууларды чээнине киргизип коймок…
Пандоранын кутусунун түйүнү чечилсин…
Асейин Саралаев, “Ата-Мекен” партиясынын экс-мүчөсү
Меню