Menu

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү

УКМК: 2010-жылы К.Бакиевдерге таандык 97 даана кыймылсыз мүлк мамлекетке өткөн, бирок кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, депутаттар жана соттор пара катары бөлүп алышкан

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мурда улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө, атап айтканда, Ысык-Көл районундагы «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер.

2010-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн №43 Декрети менен 10 га жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан, К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана өлчөмүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн. 

Бирок, кийин бул объектилер 3 инстанциядагы соттор тарабынан атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган.

Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлер түрүндө пара катары алышкан.

Натыйжада суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сомдон ашуун мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.

КР МУКК чогулткан материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун мурдагы Төрагасы Д.Ф.З., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, КР МУКК тарабынан бул кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

2010-жылдагы каргашалуу июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Алмаз Атамбаевге да айыбы угузулду

Бүгүн, 1-июнда Алмаз Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдиргендей, КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы Алмаз Атамбаевге 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ага тагылган айыптарын угузду.

Адвокаттын айтымында айып тагуу процедурасына Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев катышкан, ал эми Атамбаев өзү келүүдөн баш тарткан.

2010-жылдын 7-апрелиндеги куралдууу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликти басып алган 14 жаран өздөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялап: “Мындан тартып өлкөнүн тагдырына жоопкерчиликти биз алабыз!” билдирүү жасашкан.  Андан көп өтпөй Убактылуу өкмөт мүөлөрүнүн шалаакылыгынан июнь окуялары башталып, эки элдин улут аралык кагылышуусунан 500дөй киши өлтүрулгөн, миңден ашык киши жаракат алган.

Буга чейин бул кылмыш ишинин алкагында Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Исмаил Исаковго, Кеңешбек Дүйшөбаевге жана Бектур Асановго айыптары угузулган.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн төмөнкү мүчөлөрүнүн үй-мүлкүн камакка алуу процедурасы башталганы кабарланган.

  • Роза Отунбаева;
  • Алмазбек Атамбаев;
  • Азимбек Бекназаров;
  • Исмаил Исаков;
  • Бактыбек Алымбеков;
  • Бектур Асанов;
  • Кеңешбек Дүйшөбаев;
  • Байтемир Ибраев;
  • Кубатбек Байболов.

Садыр Жапаров, КР Президенти: "2010-жылы Максим Бакиевдин мүлктөрүн мамлекетке өткөрбөстөн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрүнө же туугандарына каттатып алышкан"

Бүгүн, 11-майда КР Президенти Садыр Жапаров укук коргоо органдары кармаган Алексей Ширшов жана Лондондо качып жүргөн Максим Бакиевдин ачык жана жашыруун мүлктөрү, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн уурулуктары тууралу билдирүү жасады:
Ширшов боюнча элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берип коеюн.
Биздин бардык иштерибизде жашыра турган эч нерсе жок. Баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат.
Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат дешти. “Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо Баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз.
Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.
Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга “баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттедждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла” деп тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат.
Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби, ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой болуп, “Ширшовду чет өлкөдө кармаш керек болчу же камактан чыгарбаш керек!” деп, ач айкырык салып бийликти сындап жатышат. Эми түшүнүктүү эле да. Чет өлкөдө кармасак, булар боюнча көрсөтмө бермек эмес. Иш жылбай, бүгүнкү күнгө чейин бир орунда тура бермек. Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөндөрү менен жарыялап, сотко жиберет. Чондор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек!
Ширшовдун өзүнө тиешелүү “Дастан” корпорациясын мамлекетке 100 пайыз өткөрүп алганыбыз. Бүгүнкү күндө “Дастан” корпорациясы мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат.
Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз. Эң негизгиси мамлекеттик иштерге аралаштырбайбыз. Элдин мүлкүн уурдатпайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштейсиңби, жооп бересин. Ушундай принцип.
Мага биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат, башкасы кызыктырбайт!
“Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?” деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо.
Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес.
Садыр Жапаров, КР Президенти.
Меню