Menu

Уйгурлардын абалы

Канада парламентинин төмөнкү палатасы Шинжаңдан 10 миң уйгурду кабыл алуу резолюциясын колдоду

Канада парламентинин төмөнкү палатасы өкмөттү эки жылдын ичинде Кытайдын Шинжаң аймагынан 10 миң уйгур качкынын кабыл алууга чакырган резолюцияны жактырды.

Сунуш берүү мүнөзүнө ээ жана өкмөттү аткарууга милдеттендирбеген резолюцияны палатадагы 322 депутаттын баары бир добуштан колдоду.

Документте Канада өкмөтүн Шинжаңдан үчүнчү өлкөлөргө качууга аргасыз болгон уйгурлар жана башка түрк тилдүү элдер Кытай бийлигинин басымы менен коркутууларга туш болуп жатканын таануу чакырыктары жазылган.

Reuters агенттиги белгилегендей, резолюция милдеттүү түрдө аткарылышы керек болбосо да анын бир добуштан кабыл алынышы — чечим кабыл алууда премьер-министр Жастин Трюдонун өкмөтүнө басым жасоочу фактор болушу мүмкүн.

“Канада коргоого муктаж адамдарга жардам берүүгө ар дайым өз салымын кошот. Мен палата жактырган резолюциядагы чараларды ишке ашыруу үчүн бардык партиялардын мүчөлөрү менен иштешүүгө даярмын”, – деди Канаданын иммиграция министри Шон Фрейзер.

Укук коргоо уюмдары Бээжинди 2017-жылдан бери ислам динин тутунган уйгур, казак жана кыргыз өңдүү Шинжаңдагы улуттардын миллиондон ашык өкүлүн түрмөлөргө жана “кайра тарбиялоочу лагерлерге” камаган деп айыптап келишет. 2021-жылы февралда Канада парламентинин төмөнкү палатасы Кытай бийлигинин Шинжаңдагы түрк тилдүү мусулман элдерге карата мамилесин геноцид деп тапкан. Ага чейин январь айында АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Майк Помпео да Шинжаңдагы көрүнүштөрдү геноцид деп атаган.

Кытай бийлиги дарегине айтылган бардык айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы аракеттерин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш деп атап келет.

Кытай: Компартия курултайынын алдында Шинжаңда жүздөгөн уйгур кармалган

Кытай Коммунисттик партиясынын курултайынын алдында Шинжаң-Уйгур автоном облусунда жүздөгөн уйгур улутундагы жаран кармалган. Бул тууралуу Radio Free Asia аймактын бийлигиндеги өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чара Шинжаңда башаламандыктардын чыгып кетпөөсүнө ишенимдүү болуу үчүн көрүлгөн.

Кармоолор Коммунисттик партиянын ХХ курултайына бир нече ай калганда –июль айында эле башталган. Октябрдын башында кытай бийлиги Шинжаң тургундарынын зарылдык жок аймактан чыгуусуна жол бербөө максатында бардык жарандардын автоном облуска кирүүсүнө тыюу салган.

Коммунисттер партиясынын Панжим кыштагындагы бөлүмүнүн катчысы билдиргендей, аймакта акыркы кармоолор октябрдын башында жүрүп, ал партия курултайынын алдындагы репрессиялардын бир бөлүгү болгон.

“Кармалгандардын көбү негизинен 2000-жылдан кийин төрөлгөн жаштар. Алардын тизмесин аймактагы аткаминерлер түзгөн”, – деп кошумчалады катчы.

Radio Free Asia журналисттери Хотан шаарындагы укук коргоо органдарынын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн башчысынын үйүнө телефон чалышкан. Телефонду анын апасы алып, Strike Hard өнөктүгү башталгандан бери уулу “адамдарды кармоо менен алектенип бошобой жатканын” айткан. “Партиянын курултайынан улам анын колу бошобой жатат. Иш бөлмөсүндө уктап иштеп жүрөт”, – деген апасы.

“Уулуңуз ушул маалга карата канча киши кармалганын айттыбы?” деген суроого жооп берген ал 1-2 миң жаран кармалганын айткан.

Кулжа шаарындагы офицер жакындагы репрессиялардын жүрүшүндө полиция “кооптуу муундун өкүлдөрү” болуп эсептелген 125 кишини кармаганын билдирген.

Шинжаң-Уйгур автоном облусундагы “кайра тарбиялоо лагерлери” тууралуу маалыматтар 2017-жылдан тарта пайда боло баштаган. Мындай лагерлерде негизинен ислам динин тутунган уйгур, казак жана кыргыз өңдүү этникалык азчылык өкүлдөрү кармалып турат. Бээжин ал жайлар түрмө эмес, экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү үчүн ачылган кесиптик билим берүү борборлору экенин билдирип келет. Бирок аталган лагерлерде отуруп чыккан адамдар дээрлик абактагыдай катаал мамиле жасалып, мажбурлап иштетип, күнү-түнү коммунисттик пропаганда менен “сугарып” турушканын айтып беришкен.

2022-жылдын башында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу боюнча баяндамасын жарыялаган. Анда лагерге отуруп чыккандар андагы катаал мамиле, кыйноолор жөнүндө айтып беришкен. “Кытайдын бийлиги терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү чараларынын алкагында адам укуктарынын “одоно бузулушуна” жол берген. Бээжиндин уйгурларга жана башка мусулман элдерге карата аракети адамзатка каршы жасалган кылмыш болушу мүмкүн”, – деп жазылган баяндамада.

Өз кезегинде Кытайдын бийлиги баяндамадагы айыптоолорду “Бээжиндин душмандары ойлоп тапкан жалган маалымат” деп атап, четке каккан.

Кытай Шинжаңдагы уйгурлардын абалы боюнча баяндаманын жарыялануусуна тоскоол болууга тырышат

Кытай БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелеттен Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө баяндаманы жарыялабоону сурады. Бул тууралуу кытай бийлиги жазган катта айтылган. Кат менен  Reuters агенттиги таанышып чыккан.

Укук коргоо уюмдары Пекинди мусулмандардын: уйгур, казак, кыргыз жана Шинжаңдагы башка түпкүлүктүү элдин укуктарын бузууга айыптап келет. Алардын билдиришинче, кытай бийлиги мусулмандарды негизсиз түрдө кармап, “саясий жактан кайра тарбиялоо” лагерлерине камашууда. Кытай айыптоолорду четке кагууда.

Адам укуктары боюнча эксперттер тобу Кытайдагы уйгурлардын абалы жөнүндө баяндаманы үч жылдан ашык убакыттан бери даярдап келе жатышат. Бачелет аны кызматтан кеткенге чейин, башкача айтканда 2022-жылдын август айынын аягына чейин жарыялоого убада берген.

Кытай дипломаттары жазган катта Шинжаң баяндамасы боюнча олуттуу тынчсыздануу бар экени белгиленген.

“Биз Жогорку комиссар айымды мындай баяндаманы жарыялабоого чакырабыз”, – деп айтылат” катта.

Кытай катты башка өлкөлөрдүн дипломаттарына жөнөтүп, кол коюуну сураган. Үч дипломат документти алганын тастыктады. Эки дипломат тыгыз экономикалык байланыштардан улам кээде Кытайды колдоодон баш тартуу кыйын деп эсептейт. Reuters кат канча кол топтогонун аныктай алган жок.

Мишель Бачелет катты алган-албаганы да белгисиз. Комиссар Шинжаңга 2022-жылы май айында барып кеткен.

Меню