Menu

УКМКнын тергөө абагында каза болгон фактыларды иликтеген комиссия

УКМКнын тергөө абагында каза болгон фактыларды иликтеген комиссия ишин аяктады

УКМКнын СИЗОсунда болгон учурда каза тапкан Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин өлүмүнүн фактыларды иликтөө боюнча жумушчу комиссия ишин аяктады.

Көрсөтмөгө ылайык, комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, тергөө амалдары жүрүп жаткан камакка алынгандардын өздүк делолору, видеокөзөмөлдөөлөрдүн жазуулары менен танышууга,  ошондой эле УКМКнын кызматкерлери, тергөө абагында кармалып турган адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Комиссия өз ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрсө, анын  беши УКМКнын СИЗОсунда, жетөө Өкмөт үйүндө болду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Б. Асанбаев менен М.Казакпаев камакта болгон учурдагы СИЗОнун байкоочу камералардагы жазуусу, тергөө абагынын эсеп-кысап документтери көрүлдү. Аны менен катар каза болгон адамдар менен чогу кармалгандар, СИЗОнун кызматкерлери суралып, бул кылмыш иштерин тергеген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен баарлашуу болду.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча комиссия Б.Асанбаев менен М.Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө алып келген жагдайлардын трагедиялуу айкалышы жөнүндө алдын ала корутундуга келди.

Ушундай иштердин кайталанбашы учун комиссия зарыл чаралардын комплексин сунуш кылды.

«Министрлер Кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», – деди – комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов.

Меню