Menu

УКМК Академиясы

УКМК: КР УКМКнын Академиясы курулуп баштады

Бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашып баштаган “КР УКМК Академиясынын” имаратынын пайдубалына капсула салынды. 

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан бери өлкөбүздө Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин окутуп, даярдоочу адистештирилген толук кандуу атайын жогорку окуу жайы жок.

Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери жана өздүк курам, ардагерлер жана атайын чакырылган коноктор катышты. Заман талабына ылайык курулган болочок “УКМК Академиясында” кыргыз элинин, мамлекеттин коопсуздугун көздүн карегиндей сактап, коргой турган кесипкөй кызматкерлер окуп, даярдалышына тилектештик билдирилди.

Маалымат үчүн: 1993-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министри генерал-лейтенант А.К. Бакаев, өзүнүн буйругу менен министрликтин алдында атайын Окуу түзүмүн түзгөн. 

 Бул окуу бөлүмү кийин – Жогорку курс, андан соң  –  Окуу борбору деп аталып келди. Кыргыз Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык аталган Окуу борбору бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту деген макамга ээ болгон. 

Азыркы кезде УКМКга кызматка алынып жаткандардын дээрлик бөлүгү ушул институттан окуп кайра даярдыктан өтүүдө.

Меню