Menu

Украина-АКШ

АКШ Украинага заманбап абадан коргонуу каражаттарын берет

Вашингтон Киевге заманбап абадан коргонуу каражаттарын берет. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөндө билдиргенин Ак үй кабарлады.

Байден Орусиянын дүйшөмбү күнү украин шаарларына жасаган ракеталык соккуларын айыптап, Киевге өзүн-өзү коргоо үчүн зарыл болгон каражаттарды берүүнү улантууну убадалады. Мындан тышкары АКШ президенти Украинанын аймагындагы аракеттери үчүн Орусияны жоопкерчиликке тартууга өнөктөштөрү менен бирге аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Зеленский Байден менен сүйлөшүүсүн жемиштүү деп атап, негизги тема Украинага абадан коргонуу каражаттарын жеткирүү болгонун ырастады. “Азыр бул биздин коргонуу тармагындагы кызматташтыгыбыздын негизги приоритети болуп эсептелет”, – деп жазды Зеленский Телеграм-каналына.

Орусия Украинага кол салгандан бери АКШ Киевге коопсуздук жаатында жалпысынан 17 миллиард долларлык жардам берип, Москвага каршы көптөгөн санкцияларды киргизди.

Меню