Menu

УКТ Камчы Көлбаева

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Таластагы "смотрящийи" "Тайсон" бир мугалимди коркутуп, 30.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, “Тайсон” каймана аты бар С.М.Ж.  пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Ал   К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын кароочусу (смотрящий) болгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында С.М.Ж унаамектептин мугалими А.Б.Аны ага карата болгон компроматтык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, кысым көрсөтүп, 70 000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын алуу учурунда С.М.Ж. кармалып Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ошол эле учурда, өздүк тинтүү учурунда С.М.Ждан жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Кримтөбөл Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Токмоктун тургунун коркутуп, 210.000 сом акчасын алып жаткан учурда кармалышты

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык КБР катталган опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү И.Дж. жана В.Ш. кармалды. Алар абакта жаткан К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунунан физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу жолу менен 2500 АКШ долларын талап кылышкан.

2023-жылдын 26-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Дж. жана В.Ш. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Жалал-Абаддын тургунун зомбулук менен коркутуп, 2 млн 900 миң сом карызга милдеттендирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы тарабынан 120 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан учурда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Р.Б. пара алып жаткан жеринен кармалган. 

Такталгандай, кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарынын тургунуна 2 млн 900 миң сом карызга милдеттендиргенин билдирген.  

Бул факты боюнча облустун башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. 

 Учурда кармалган жаранга Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Жалал-Абад областтык тергөө камак жайына 2023-жылдын 12-мартына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган. 

 Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы аракеттенүүнү улантууда.

 Ошондой эле, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облусунун тургундарын уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ: Чолпон-Атада 35 жаштагы жарандын ден-соолугуна оор залал келтирип сабаган Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

6-январь күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине Чолпон-Ата шаарынан белгисиз адамдар сабап кеткен 35 жаштагы жаран жеткирилген.
Жабырлануучунун туугандары арыз менен милицияга кайрылып, бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп, күнөөкөрлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышкан.
Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 12-пункту (Бейбаштык максатта ден-соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн.
Көрүлгөн чаралардын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Ысык-Көл районунун тургуну 1989-жылы туулган Н.С. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана Камчы Асанбектин (Көлбаев)  жакын адамдарынын бири.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун токтому менен аны эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Тергөө амалдары жүрүүдө.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаларды системалуу опузалап алуу боюнча кармалды

Бүгүн, 5-сентябрда КР УКМК, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча каралып кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбектер кармалышты.

Бүгүн, 5-сентябрда жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М» таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Меню