Menu

УКТ – ОПГ

УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин экс-премьер-министр Сапар Исаковго белек кылган люкс классындагы кымбат баалуу брондолгон машинасы камакка алынды

КР УКМК тарабынан К.Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалды.

Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн  мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын КР экс-премьер-министри С.Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон.

УКМК Көлбаев "Күрмөнтү цементти" көзөмөлдөп келгенин билдирди

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Күрмөнтү цемент” ишканасынын 93,17% үлүшү Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөнүн билдирди.

Анда бул атайын операцияда атып өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) байланыштуу иштерди тергөөнүн алкагында ишке ашканын кабарлады.

“УКМК Камчы Көлбаевдин тобунун кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга (адалдоо) байланыштуу бир катар кылмыш иштерин иликтөөнү улантып жатат. Тергөөдө Көлбаев жасалма жана жеке компаниялар аркылуу “Күрмөнтү” цемент заводунун ишин көзөмөлгө алганы аныкталды. Ишкананы арзан баада менчикке өткөрүү максатында анын банкрот болушуна жасалма шарттар түзүлгөн”,- деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында УКМК Көлбаевдин акчасына сатылып алынды деген 15 асыл тукум жылкы аныкталганын билдирген. Мекемелер аралык баалоо комиссиясы алардын жалпы баасын 79 790 000 сом деп эсептегенин маалымдаган.
“Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлкү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат”,- деп жазылган маалыматта.
УКМК ушул айдын башында Көлбаевдин жалпы наркы 500 миң доллардан ашуун асыл тукум жылкылары мамлекетке алынганын кабарлаган.
Атайын кызмат Көлбаевге байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелери менен иш козголгонун кабарлаган. Анда “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалганын билдирген.
Ошондой эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык жаран кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы бир миллиард долларлык актив камакка алынганын билдирген.
Андан сырткары Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулган.

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна караштуу дагы 4 кыймылсыз мүлк камакка алынды

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө
чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:
1. «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;
2. Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
3. «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;
4. «Бурана Резорт» эс алуу борбору.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

УКМК: Камчы Көлбаев жана Раим Матраимов менен байланышы бар 50 бажы кызматкери жумуштарынан айдалды

“Мыйзамдагы ууру” деп аталган К.Асанбек менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.  

Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет К.Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Ысык-Көл облусундагы 10 мүчөсү кармалып, үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча ички саясий багытын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында, анын идеологиясын жана финансылык жана материалдык негиздерин андан ары натыйжалуу демонтаждоо катары Кыргыз Республикасынын УКМК, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте  кылмыш иши тергелүүдө, анын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар төмөнкү адамдардын жашаган жериде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

24.05.1976-ж.т. О.А.К., 11.05.1995-ж.т.  И.Б.Т., 20.08.1996-ж.т.  Э.Э.Э., 19.09.1963-ж.т. К.Н.А., 21.07.1986-ж.т. Т.у.К., 14.07.1970-ж.т. Ж.Т.К., 15.08.1976-ж. М.М.И., 24.10.1976-ж.т. С.Т.К., 01.09.1971-ж.т. К.Р.К.,  05.04.1956-ж.т. А.К.Ш. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Маркум Камчы Көлбаевдин баасы $500.000 ашык асыл тукум жылкылары аныкталып, камакка алынды

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аларды каржылоо булактарына бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум К.Асанбектин 500 миң АКШ долларынан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды.

  (“Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң АКШ доллары, “Командор” англис породасы – баасы 100 миң АКШ доллары, “Раушан” англис породасы – 100 миң АКШ доллары, “Дончак” донской англис породасы – 100 миң АКШ доллары, “Кундуз” таза кандуу англис – 50 миң АКШ доллары, “Байтал” таза кандуу англис – 50 миң АКШ доллары, “Острый” – 15 миң АКШ доллары, ошондой эле Р.Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К.Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ– баасы 5000 АКШ доллары)

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Аксы району боюнча "смотрящийи" (“көзөмөлчү”) М.А.К. кармалды

Ушул жылдын 11-октябрында КР УКМК тарабынан КБР катталган материалдын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (“Пара талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде козголгон иш боюнча К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) М.А.К. кармалды.

Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган.

Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Кнын жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды.

Учурда кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК пара талап кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу боюнча Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алууга "буюртма" алып, Өзбекстандан келген 3 киллерди кармаганын билдирди

Өзбекстандын үч жараны буюртма менен адам өлтүрүү максатында Кыргызстанга мыйзамсыз келгенин 14-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, “Альфа” түзүмүнүн жоокерлери Ойбек Каримбердиевди, Азамат Рустамовду жана Исламхан Абдулгаффаровду кармады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар “мыйзамдагы ууру” делген Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) өлүмү үчүн өч алуу максатында “буюртма” алып, аны аткарууга келишкен. Кармалгандар 13-октябрда Өзбекстандын күч органдарына өткөрүлүп берилген.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Атайын кызмат муну улай эле Камчыбек Көлбаев менен байланышта болгон делген 40тан ашык адамды кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары кармаган. Камчы Көлбаевге тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын да билдирген.

Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар делип бир катар жарандар кармалууда. Алардын катарында ишкерлер, курулуш компанияларынын жетекчилери, Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри жана башка адамдар бар.

ИИМ: Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри, кримтөбөл менен тыгыз байланышта иштеген Мирлан Маратов камакка алынды

ИИМдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүштү. Ыкчам кызматкерлер тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте кылмышка шектүү катары 45 жаштагы М.М. кармалды. Учурда аталган факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.
 Алынган маалыматтарга караганда, 2021-жылдын күзүндө аталган жаран М.М. Бишкек шаарынын жашоочусунан 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү жабырлануучуга алгач күрөө катары “Лексус” үлгүсүндөгү унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним катын калтырган. Бирок көп өтпөй кайра келип, “шашылыш ишим бар”,- деген шылтоо менен унааны бир аз убакытка кайтарып берүүнү суранган. Ошондон кийин гана ал көздөгөн максатына жеткенден кийин кайра келбей, ал унаасын башка адамдарга сатып жиберген.
 Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган жаран мурда сот жообуна тартылган, криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон жана мурда облустардын бириндеги шаардык администрациясын жетектеп келген.
 Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

"Авангард Стиль" жана "Элитхаус" курулуш компанияларынын директорлору Эрнис Миңкеев менен Тимур Файзиев камакка алынды

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеевди камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 12-октябрда билдирди.

Соттун чечимине ылайык, ал 4-ноябрга чейин абакта болот.

Соттун маалыматына караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган. УКМК Миңкеевдин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган тасмада Чүй облусунун Байтик айылындагы “Салкын-Төр” шаарчасы да бар. Бул объектини “Авангард Стиль” компаниясы куруп жатканын ишкананын социалдык тармактардагы баракчасынан көрүүгө болот.

Октябрь райондук соту 11-октябрда “Элитхаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны 9-декабрга чейин камакка алган. Ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдаштырууга айыпталууда.

УКМК буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер да кармалганы кабарланган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган.

Меню