Menu

Улан Ниязбеков

ИИМ: Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкекте Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Министр биргелешкен иштин өнүгүшүнүн оң динамиканысын баса белгилеп, ИИМдин кызматкерлери үчүн түрк полициясынын алдыңкы жетишкендиктерин иликтөө жана милициянын ишмердүүлүгүнө жаңы ыкмаларды жана технологияларды киргизүү боюнча тренингдерди уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди.
ИИМдин жетекчиси белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Эл аралык кызматташууга чоң маани берет.
“Дүйнөнүн глобалдашуусунун шартында Кыргыз милициясы ар дайым кылмыштардын бардык түрлөрү – экстремизм, баңгизат жана кибер кылмыштар менен күрөшүүдө эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр жана анын негизги милдети эки өлкөнүн жарандарынын тынч, бакубат жана коопсуз жашоосуна көмөк көрсөтүү болуп саналат”, – деди Улан Ниязбеков .
Жолугушуунун алкагында меймандарга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо борбору, ИИМдин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган Басма сөз кызматы борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн-конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы тааныштырылды.
Түркиянын ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде, Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтер ортосундагы өз-ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирди.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү андан ары кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Бакыт Төрөбаев: Элдин көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүүгө жана аткарууга алабыз. Бул Президенттин бизге койгон талабы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Жолугушууга райондун ар кыл айылдарынан келген 400гө чукул адам катышты.

Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасы менен жеринде элдин үнүн угуп,  көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө аракет көрүү үчүн аймактарды кыдырууга чыкканын билдирди.

«Жакында эле Президентибиздин катышуусунда Токтогул районунун эли менен жолугушуу өткөң. Анда эл тарабынан 87 суроо-талап айтылып, анын негизинде 167 иш чаралар аткарууга алынган. Бүгүн да ал маселелер четинен ишке ашып жатат. Бүгүн да сиздер көтөргөн көйгөйлөр жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга аткарууга тапшырмаларды коебуз»- деди Бакыт Төрөбаев.

Жолугушууга катышкан тургундар негизинен жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, жеке маселелерине байланыштуу укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине болгон нааразычылыктар көтөрүлдү. Ошондой эле кескин көтөрүлгөн маяна үчүн маданият кызматкерлери ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан сырткары алыскы айылдагы медицина кызматкерлеринин таңкыстыгы, социалдык имараттардын жоктугу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.  Тургундардын кайрылуулары арыз түрүндө да кабыл алынып, алардын ар бирине жооп болору айтылды.

Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, алардын басымдуу бөлүгүн соттордун чечимдерине,укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразычылыктар айтылган. Ошол себептен улам мамлекет башчысы тиешелүү жетекчилерди жер-жерлерге чыгып,   элдин маселелеринен кабар алууну тапшырмасын койгон.

Ушул сыяктуу эл менен жолугушуулар өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат.

Ички иштер министри менен баш прокурорду кызматтан алуу талабы коюлду

Жарандык активисттер телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылууда.

Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист тараткан билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук соту 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Буга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин өтүнүчү негиз берген.

Тергөө кызматы жүздөн ашуун адамдын иши былтыр 5-октябрдагы Ак үйдү басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын сотко маалымдаган. Тергөө кызматы сотко берген жүздөн ашуун оппозициялык маанайдагы адамдардын ичинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жок жарандар да катталганы белгиленген.

Кайрылууну активисттер “Фейсбукка” жарыялап, токтом конституциялык укукту бузуп, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү болорун белгилешкен.

“Биздин телефондор 6-январдан бери тыңшалып келе жатат. Тизмедеги жарандардын көпчүлүгү бийликтин саясатын сындаган активисттер. Бул жарандардын жеке жашоосу тууралуу маалымат алуу максатында тыңшоо – куугунтук болуп саналат. Токтом чыгарган судья Ч. Бердимуратов тергөөчү тарабынан сунушталган тизмедеги адамдардын иликтенип жаткан ишке тиешеси бары-жогун териштирбей туруп бул кадамга барган”, – деп белгилеген активисттер президент Садыр Жапаровдон бул фактыга тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылышты.

Алардын ичинде ИИМ министри Улан Ниязбековду жана баш прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алуу, ал эми тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаев менен Биринчи Май районунун судьясы Ч. Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талап кылынган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.

Бул окуядан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык калайманды уюштуруу, мамлекеттик мекемелерди басып алуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Бир катар жарандык активисттер суракка чакырылып, саясатчы Жеңиш Молдакматов жана башка адамдар кармалып, камалган.

ИИМ: Министр Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Бүгүнкү күнү өлкөнүн бардык аймагында жарандар COVID-19 каршы эмдөөдөн өтүшүүдө.  Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана  Эркебек Аширходжаев менен бирге коронавирус илдетине каршы вакцина  алышты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми, министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков эмгек өргүүсүндө болгондуктан, ал кызматка келгенден кийин коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына вакцинаны алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

ИИМ: Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республикасынын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкери тартылган.
Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.
Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

Меню