Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду.
Жарлыктарга ылайык:
- Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;
- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасовичке – генерал-лейтенант наамы берилди;
- Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке – генерал-майор наамы берилди;
- Шаршеев Уларбек Зарлыковичке – генерал-майор наамы берилди.
Бакытбек Бекболотов, Марат Иманкулов, Таалайбек Өмүралиев, Уларбек Шаршеев
0 комментариялар