Menu

Улукбек Бектурганов

Вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов кармалды

2-июнь күнү кечинде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов 2020-2021-жылдарда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактылары боюнча кармалды. Бул тууралу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Башкы прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат адамдары “COVID-19” илдетине каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин алкагында Саламаттык сактоо министринин орун басары У.Бектурганов, Республикалык Эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменттинин бөлүм башчысы Султан Сатарбековдор кармалышты.
Учурда кылмышка Өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешелүүлүгү иликтенүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцинасын негизсиз сатылып алынган деп кабарлаган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон.

Натыйжада, көрсөтүлгөн мамлекеттерден гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 млн. 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө.
Натыйжада мамлекетке 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 коррупциялык кылмыш иштери тергелүүдө.
Ушул эле иш боюнча Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кармалганы белгилүү.
Меню