Menu

Улуттук онкологиялык борбор

УКМК: Онкологиялык оорукананы курууда 13,5 миллион сомду жеп койгондор кармалып, камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында (КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча кылмыштын негиздери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыштардын алкагында), КР Гематологиясы жана Улуттук онкология борборунун имараттарын курууда жана капиталдык оңдоодо Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу адамдары тарабынан мыйзамсыз акча каражатын алуунун туруктуу коррупциялык механизми аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

         Такталгандай, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен мыйзамсыз киреше алуу максатында, Гематологиясы жана Улуттук онкология борборунун жаңы имаратын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны тийиштүү конкурстук тандоо өткөрбөстөн, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери туунду подрядчы менен 340 млн сомго келишим түзгөн.  

        Ошондой эле бүткөрүлгөн иштин көлөмүн иш жүзүндө кабыл албастан, бүтпөгөн иштерге акы төлөөдө көрсөтүлгөн фактылар жана башка финансылык тартипти бузуулар аныкталган. Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 13,5 млн сомду түзгөн. 

2022-жылдын 27-сентябрында Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А., департаментинин директорунун орун басары К.Ж.К., башкы бухгалтер Ч.Б.Ж., техникалык көзөмөл боюнча инженери Н.Н.Ж. кылмышка шектүү катары кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Б.А. катуу ооруп калгандыгына байланыштуу үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Ал эми башка адамдарга карата бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды. Мындан тышкары 13,5 млн сом өлчөмүндө белгиленген зыяндын ордун подрядчы жана К.Ж.К. тарабынан толугу менен кайтарылган

  Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню