Menu

Улуу Британия

Кыргызстандыктар мындан ары Улуу Британиянын сезондук айыл чарба жумуштарына барып иштеп келе алат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын жарандарына Улуу Британиянын сезондук айыл чарба жумушчуларынын мамлекеттик программасына катышуу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Документке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койду.

Эдил Байсалов белгилегендей, бул кызматташтык кыргыз-британ мамилелерин бекемдейт.

«Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт. Министрлер Кабинети эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат. Бул иш артыкчылыктуу саналат жана антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт», – деди ал.

Белгиленгендей, программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин республикага кайтып келүүгө милдеттүү.

2019-жылдан тартып Улуу Британияда өкмөттүк программа ишке кирген, анын алкагында Улуу Британиядагы айыл чарба иштерине чет элдик жарандарды тартуу үчүн квоталар бөлүнөт, ага ылайык, жыл сайын бир катар өлкөлөрдүн жарандары ишке тартылат.

G7 өлкөлөрү өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге 1 млрд. доза вакцина бөлүп беришет

Жекшемби күнү Улуу Британияда аяктаган «Чоң жетинин» (G7) саммитинде көтөрүлгөн негизги темалардын бири коронавируска каршы күрөшүү болду.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди кеминде 1 миллиард доза вакцина менен камсыз кылууну убадалашты. Алардын жарымын АКШ, дагы 100 миллионун Улуу Британия бере турганы айтылды.

Мындан тышкары лидерлер өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү инфраструктуралык объектилердин курулушуна колдоо көрсөтүү боюнча макулдашты. Бул демилгени АКШ Кытайдын ушундай эле программасына атаандаш катары сунуштаган. Бээжин буга жооп кылып, «аз өлкөлөрдүн тобу глобалдык чечимдерди таңуулабашы керектигин» билдирди.

АКШнын президенти Жо Байдендин «Чоң жетиге» мүчө өлкөлөрдүн лидерлери, анын ичинде Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жекеме-жеке сүйлөшүүсүндө Орусия тараптан келип жаткан коркунучтарга каршы туруу жана Москва менен кызматташуунун жолдорун издөө темасы жөнүндө да сөз болду.

Кошмо Штаттардын президенти Европага сапарынын алкагында 15-июнда Брюсселге барып, НАТО менен ЕБдин саммиттерине катышат. 16-июнда Байден Женева шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню