Menu

Улуу Британияда ишке орношуу

Элчи Улан Жусупов британиянын чарбаларында ишке орноштуруу боюнча «AGRI-HR» британ рекрутингдик компаниясынын директору Ян-Вилл Наребут менен жолугушту

8-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинде Элчи Улан Джусупов британиянын фермердик чарбаларында жарандарды убактылуу ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик программасынын алкагында «AGRI-HR» британ рекрутингдик компаниясынын директору Ян-Вилл Наребут менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын убактылуу жумушка тартуу боюнча кызматташуунун мындан аркы келечегин, ошондой эле Улуу Британияда биздин жарандарды айыл чарба иштерине тартуу үчүн бөлүнгөн квотаны 2023-жылдан баштап 2-3 миң адамга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2022 жылдын май айынын аягында Улуу Британияга сезондук жумушка келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын биринчи тобунун биргелешкен жолугушуусун уюштуруу, ошондой эле биздин мекендештерибиздин жашоо шарттары, эмгекти уюштуруу жана жашоонун башка жактары менен таанышуу максатында Англия чарба фермаларынын бирине баруу боюнча макулдашуу түзүлдү.

Маалымат үчүн:

2022-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен британиялык AGRI HR компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасы үчүн 2022-жылга бөлүнгөн квота 1000 адамды түзөт.

“Agri-HR” расмий сайтында арыз толтуруп, толугу менен маалымат алып жана иштөө шарттары менен таанышса болот.

Меню