Menu

Уран казуу

International Mining Company Inc компаниясы уран кендерин иштетүүгө тыюу салганы үчүн Кыргызстанды 63 млн. АКШ долларына сотко берди

Соттук өкүлчүлүк борбору (CSP) учурда Вашингтон шаарындагы (АКШ) Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбордо (мындан ары – ICSID) “International Mining Company Invest inc.” (IMC) компаниясынын тиешелүү билдирүүлөрүнүн негизинде компания тарабынан козголгон арбитраждык териштирүүнүн алкагында, тараптар тарабынан арбитраждык соттун курамын дайындоо процессин аяктап жатканын билдирет.

Ошентип, “International Mining Company Inc.” компаниясы тарабынан арбитраждык териштирүүнүн козголушу жөнүндө билдирүүдө. 2020-жылдын 1-январынан тартып уран кендерин чалгындоого жана иштетүүгө мамлекет тарабынан мораторий киргизилгендигине байланыштуу (доонун суммасы 63 млн. АКШ доллары жана юридикалык чыгымдар).

Тарыхий маалымат: 2019-жылдын декабрь айында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” 2019 жылдын 14-декабрындагы № 139 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасында уран кендерин издөөгө, чалгындоого жана өндүрүүгө тыюу салынган.

Өзбекстан 8 жылда уран казууну эки эсе көбөйтүүнү пландоодо

Өзбекстан 2030-жылга карата жылына 7100 тонна уран өндүрүүнү пландап жатат.

Ушул тапта Өзбекстан жылына 3,5 миң тонна уран казып алууда.

Уран казууну көбөйтүү үчүн наркы 460 миллион долларлык 20 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын (WNA) маалыматына караганда, Өзбекстан уран казуу боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат.

Өзбекстандын өзүндө уран кайра иштетилбейт, толугу менен экспорттолот. Өзбекстанда урандын 132 тонна запасы бар, бул дүйнөлүк камдыктын 2% түзөт. Урандын запасы боюнча Өзбекстан 11-орунда турат.

Уран казуу боюнча 2021-жылы Казакстан биринчи, Австралия экинчи, Намибия үчүнчү, Канада төртүнчү орунду алган.

Меню