Menu

Урмат Мырзакматов

Урмат Мырзакматов: Өлкөдө малдын саны көбөйүп, 1 млн 754 миң баш уй, 547, 2 миң баш жылкы, 6 млн 278 миң баш кой-эчкиге жетти

КР Айыл чарба министрлигинин Мал чарба жана жайыттар бөлүмүнүн башчысы Урмат Мырзакматовдун 2022-жылдын 1-июнуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү тууралу кыскача маалыматын сунуш кылабыз:

Эт өндүрүү. 2022-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 155,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 4100 тонна, же 2,7 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылдын аягына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 34,6 миң башка көбөйүп 1750,4 миң башты түздү, жылкынын саны 7,6 миң башка көбөйүп 547,2 миң башты түздү, ал эми кой/эчкинин саны 632 башка азайып 6278,1 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 145,7 миң башка азайып 5924,7 башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе 2022-жылдын январь-май айында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн, Баткен облусунан тышкары, ал жерде эт өндүрүү 9760 тоннаны түзүп өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 59 тоннага азайып 99,4 пайызды түздү. Облуста эт өндүрүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби кой/эчкинин саны – 14262 башка, анын ичинде эчкинин саны – 12653 башка жана жылкылардын саны 783 башка азайышы менен байланыштуу.

Сүт өндүрүү. 2022-жылдын январь-май айында республика боюнча 593,9 миң тонна сүт өндүрүлдү, 11,1миң тонна, же болбосо 1,9 пайызга мурунку жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат, Баткен облусунан тышкары, ал жерде сүт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 99,9 пайызды түздү. Бул облуста сүт өндүрүүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби тубар уйлардын саны 1246 башка азайышы менен байланыштуу.

Жалпысынан республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 13,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 3,5 кг көбөйүшү менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 238526 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 8929 миң даанага көбүрөөк болду же 103,9 пайызды түздү. Жумуртка өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Жүн өндүрүү. Республикада отчеттук мезгилде 5526 тонна жүн өндүрүлдү же өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 38 тоннага азайган же 99,3 пайызды түздү. Белгилей кетчү нерсе, жүн өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу Нарын жана Талас облусундагы чарбаларында көбөйгөнү жана республиканын калган облустарында жүн өндүрүүнүн азайышы байкалат.

Райондук агрардык башкармалыктарынын башчыларынын маалыматтары боюнча койлорду кыркуу жумуштары аба ырайынын жаан-чачын болгондугуна карата кечирээк башталгандыгы менен байланыштуу.

6-айдын жыйынтыгы менен жүн өндүрүү республикада былтыркы жылдан көбүрөөк болушу күтүлүүдө.

Меню