Menu

Уурулук

Ысык-Көлдүн пляждарында эс алуучулардын акчаларын, телефондорун уурдап жүрүшкөн уурулардын тобу кармалды

Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери, курорттук аймакта уурулук менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу топту кармашты.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө – ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эс алуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган. 

Бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынын тургундары, 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Т. А. Болуп чыгышты. Кармалган үч шектүүгө карата райондук сот тарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалып алынган, ал эми шектүү Д.И. тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алынган.

Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардын мүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган топтун мүчөлөрү тарабынан башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар, же жогун текшеришүүдө.

Таласта эки чиновник жардыларга жана майыптарга бөлүнгөн 3 миллион сомду кымтып алышкандыгы үчүн абакка киргизилди

Талас областтык прокуратурасы тарабынан жарды үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга багышталган өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттардын республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүүдө, жогоруда аталган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келишип, 2019-2022-жылдардын аралыгында «Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына» жалган маалыматтарды киргизип, жарды үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга багышталган 3 млн сомдон ашуун акча каражаттарды республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарып алышкандыгы аныкталган.
Көрүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Х.Л.Н. жана «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун Талас райондук филиалынын башкаруучусунун орун басары Т.С.Д. аталган кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин Талас шаардык соту тарабынан Х.Л.Н. жана Т.С.Д. карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тандалып, бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 2 млн. сом өндүрүлдү.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

ИИМ: Ош облусуна барып уурулук кылып, Бишкекте жашырынып жүргөн Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, уурулук фактысы менен издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун тургуну 1998-жылы туулган Д.К.  Бишкек шаарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалды.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Кара-Суу РИИБге арыз менен Кара-Суу районунун тургуну 60 жаштагы М.К. аттуу жаран кайрылган. Анда, 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын, күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучуга 52000 (элүү эки миң) сомдук зыян келтирген.
Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү 24 жаштагы Д.К. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүү мындан башка кылмышка тиешеси бар же жок экендиги такталууда.

Чүй облустук милициясы: Аламүдүн районунда үйлөргө уурулука кирип жүргөн ууру кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрьдан 9-октябрга чейинки аралыкта, белгисиз адамдар Аламүдүн районунун Виноградное айылында үйлөрдүн бирине мыйзамсыз киришип, К.С. аттуу жарандын үй буюмдарын (муздаткыч, электр суу жылыткыч, килем, телевизор), жашыруун түрдө уурдап, окуя болгон жерден изин суутуп кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга материадык чыгым келтирилген.
Аталган факт Аламүдүн РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Ошол эле 9-октябрь күнү Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандардын өздүгү такталып, 1983-жылы туулган Т.А. аттуу жаран аныкталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Андан сырткары кармалган жаран Аламудун районундагы болгон бир нече уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги такталды. Учурда тергөө амалдары  жүргүзүлүүдө.

Стамбул - Бишкек каттамы менен келе жаткан учакта бирөөнүн $6700 акчасын уурдап алган кытай жараны кармалды

Сокулук РИИБке арыз менен Россия мамлекетинин жараны П.И. кайрылып, арызында 2022-жылдын 6-7 сентябрь күндөрү Бишкек-Стамбул рейси менен келе жаткан учактын бортунда, белгисиз адамдар 6700 АКШ доллар акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБтин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтоо иштеринин натыйжасында, бул кылмышты Кытай мамлекетинин жараны 1984-жылы туулган З.Х. аттуу жаран экендиги такталып, шектүү катары кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат.

Ысык-Көлдө бирөөнүн жылкысын уурдап Сыртта жашырынып жүргөн Нарындын тургуну шериктери менен кошо кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 20-август күнү Балыкчы ШИИБне арыз менен Балыкчы шаарынын тургуну Т.К. аттуу жаран кайрылган, ал арызында ушул эле жылдын 2-июль күнү Тилек аттуу жана жанында белгисиз 2 адам  ишеничине кирип,  ага тийешелүү жылкысын сатып-алмаштырып кайра беребиз деп алдап ииз оорду менен  жок болгундугун билдирген. Жабырлануучуга 80 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Балыкчы шаарынын ИИБнын КБРне  катталып, КЖКнин 209-беренесинин (Урдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Нарын облусуна караштуу Кара-Суу айылынын 1975 ж.т. тургуну К.Т. аттуу жаран  Тоң районунун сырт аймагынан, жазадан жашырынып жүргөн жеринен Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.  Тергөо-ыкчам иш-чараларынын жүрүүсүндө, шектүү К.Тнын  аталган кылмышка тийешеси бар шериктеринин  өздүктөрү аныкталып колго түшүрүшүрүлгөн,  алар Балыкчы шаарынын 1991 ж.т. А.Т., 1991 ж.т  К.Ө. жана 1976 ж.т. Э. у К. тургундары болуп чыгышты. Андан аркы тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармалышкан жарандар Балыкчы  шаарынын аймагынан  дагы ушул сыяктуу 3 факт,  малды алдамчылык жолу менен ээлеп алуу  боюнча  кылмышка тийешеси бар экендигин  аныкташкан. 

Учурда шаардык соттун чечими негизинде шектүүлөргө эки айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып тергөө амалдары уланууда. 

Тергөө кызматы, кылмышка шектүүлөрдүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдардын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды, 0701067101, 0394432716, 0394432705 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Ысык-Көлдө мектептин курулушунан 3000 кирпич, 70 тактай, 60 метр кабель жана шаймандарды уурдап кеткен жергиликтүү тургун кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 6-август күнү Тоң РИИБне  Жети-Өгүз районуна каршатуу Дархан айылынын А. К. аттуу тургуну тараптан арыз келип түшкөн. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Арызында А.К. 2021-жылдын октябрь айынан тарта Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында жайгашкан Б. Алаков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде инвесторлор тарабынан каржыланып салынып жаткан мектептин ашканасын жана жылуулук казан бөлмөсүн курулуш иштерин подрядтык уюм катары  жүргүзүп  келгени жөнүндө билдирген. Суук түшкөндүгүнө байланыштуу курулуш убактылуу токтотулуп, кайрадан 2022-жылдын август айынан баштап  курулуш иштери башталаар алдында,  мектепте калган 70-даана тактай стропиласы, 3000 миң кирпич, 60 метр кабельдер жана цемент аралаштыруучу апараттын моторлору белгисиз адамдар тараптан  уурдалганы  жөнүндө маалымдаган. 

Аталган факт Тоң РИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 54-жаштагы М.С  аттуу ошол эле Кара-Талаа айылынын тургуну аныкталып, кармалган.  Тергөө сурагында шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Жабыр тарткандарга жалпы материалдык зыян 100 000 сомду түзгөн.

Бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча далил заттар алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Улгайган аялды тоноого аракет кылган кылмышкер кармалды

Кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлери жалгыз аялдарга кол салган көчө тоноочусун кармашты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын 24-июль күнү Бишкек шаарында саат 16:30 чамасында белгисиз болжол менен 30-35 жаштагы адам тоноо максатында аялга кол салган.
Улгайган аял үйдүн кире беришинен кирип бара жатып, ошол учурда артынан кылмышкер чуркап анын колундагы баштыгын алууга аракет кылган. Кылмышкер жабырлануучунун колун жулкулдатып баштыкты ала албай калган, бирок жабырлануучу жерге кулап, жаракат алган. Кылмышкер каалаган максатына жетпей, белгисиз тарапка качып кеткен.
Мыйзамга каршы жосунунун натыйжасында 1951-жылы туулган жаран мээси чайкалып, акыреги сынган деген диагноз менен аймактык ооруканага жеткирилген.
Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Тоноо» 206-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыштын бетин ачуу максатында изин суутпай издөө иш-чараларынын комплекси ишке ашырылган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын жана ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында шектүү адам кармалган.
Азыркы учурда кармалган жаран 1994-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган И.С. аттуу жаран, Убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Буга чейин шектүү катары кармалган жаран бир нече жолу унаа уурдагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар болуусу текшерилүүдө.

Жети-Өгүздө дүкөндүн кулпусун талкалап, видеокөзөмөлдөөнүн процессорун жулуп, 150 миң сомдук товар уурдап кеткен ууру кармалды

27 июль күнү  Жети-Өгүз РИИБне арыз менен Тосор айылынын Ж. К. аттуу тургуну кайрылган. Арызында,  26-июль түнү Тосор айылындагы жайгашкан “Ракымжан” дүкөнүнүн кампасынын  эшигин белгисиз адамдар талкалап кирип,  кассадагы пакетке салынган майда тыйындарды,  витринадагы тамекилерди  жана  видеокөзөмөлдөөнүн  процессорун жулуп,  уурдап кетишкендигин билдирген.  Натыйжада жабырлануучуга 150 миң сом материалдык чыгым келтирилген. 

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен  кылмыш иши козголгон.  

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Жети-Өгүз  райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Ал Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну. Э.Э.  болуп чыкты. 

Кылмышка шектүү катары кармалган жарандын айтымында, уурдалган тамекилерди Бишкек шаарына алып барып сатып, акча каражаттарын өз кызыкчылыгына пайдаланган жана дүкөндүн ичиндеги видеокөзөмөлдүн процессорун Боом капчыгайында агып жаткан дарыяга ыргытып салган. 

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ал Ысык-Көл облусунун  аймагында дагы 13 уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып,  алар боюнча күнөсүн толук мойнуна алган. 

Райондук  соттун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. 

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Жайыл районунда бирөөнүн үйүнөн 500.000 сом акчасын уурдап кеткен жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 12-июнь күнү арыз менен 1957-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр анын 500 000 сом акча каражаттарды уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты Жайыл РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы уурулукка шектелип 1970-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Азыр сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню