Menu

учкучсуз учуучу аппараттар

КР ТИМ Абу-Даби шаарындагы курмандыктарга алып келген, учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу менен кол салууларды айыптайт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Абу-Даби шаарынын жарандык жана өнөр-жай объектилерине, эл арасында курмандыктарга алып келген, учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу менен кол салууларды айыптайт.

Министрлик бул аракеттерди аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган террордук акт катары баалайт жана бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдоо менен терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө катуу айыптайт.

Министрлик Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө жана элине колдоосун билдирет, ошондой эле каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Меню