Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматы 2016-жылы Кыргызстандын жарандык паспортторун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча КР Кылмыш кодексинин 319-коррупция беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиясы Фарид Ниязовдун төрагалыгы астында Түркия Республикасынын он жаранын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган.
Ошол эле, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз Атамбаевдин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына Түркия Республикасынын он жараны кабыл алынган.
Анын негизинде 2016-жылы 10 түрк жаранына кыргыз паспорттору берит
Азыркы учурда бардык бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Алмаз Атамбаев, Коррупция, Паспорт сатуу, Фарид Ниязов
0 комментариялар