Menu

Франция

Видео - Франция президенти Эммануэль Макронду жолугушууга келген жарандардын бири жаакка чапты

Франция президенти Эммануэль Макрон Тен-ЛʼЭрмитаж коммунасында эл менен жолугушууга барганда кол салууга кабылды. Окуя 8-июнда Франциянын түштүк-батышында болду.

Бул окуядан кийин кызмат адамына күч колдонуу шеги менен эки киши камалды. Le Figaro белгилегендей, бул саясатчы кол салууга кабылган алгачкы учур.

Макрон шаардын чет жакасынан чыгып, Валанс калаасындагы “Кичинекей катчы” ресторанына түштөнүүгө барууну пландап жаткан. Бирок анын атын атап, ураан чакырган тарапташтарына чыккан. Бул учурда алардын арасында жашыл футболка жана беткап кийген киши аны жаакка чаап жиберген.

Видеожазууда ал “Макронизм жоголсун” деп кыйкырганын көрүүгө болот.

Шектүүнүн аты жөнү жана кол салуу себеби айтыла элек. Кармалган экинчи кишинин ким экени да кабарлана элек. Француз саясатчылары бул окуяны айыпташууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню