Menu

Футбол

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Бул биздин команда үчүн Азия Кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.

Беттеш аяктаган соң Мамлекет башчысы улуттук кураманын  кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады.

Ал болуп өткөн бардык беттештердин жүрүшүндө спортчулар кооз жана укмуштуудай футболду көрсөтүп, кыргызстандыктарга чыныгы майрам тартуулашканын белгиледи.

Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирип, аларсыз бул жеңиштерге жетишүү мүмкүн болмок эместигин билдирди.

Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча  курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи.

Ал алдыда команданы көптөгөн жаңы спорттук бийиктиктер күтөөрүнө, мамлекет тарабынан керектүү колдоо ар дайым көрсөтүлөөрүнө ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү  ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон  көп функциялуу спорттук арена болот.   Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл.

Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти.

Алар борбор калаада жаңы заманбап стадиондун курулушунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын кошумчалашты.

Футбол: Кыргызстан Тажикстан беттеши 0:0 эсеби менен жыйынтыкталды

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен бүттү. Оюн 14-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн.

Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген. 14-июнда Сингапур Мьянманы 6:2 эсебинде утту. 3-турдун жыйынтыгы менен Тажикстан менен Кыргызстан жетиден упайга ээ болуп, Азия кубогуна жолдомо алышты. Тайпада биринчи орунду Тажикстан, экинчи орунду Кыргызстан ээледи.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда жолдомо алганы 14-июнда түшкө маал белгилүү болгон. Бул күнү B тайпасында Палестина жана Филиппин курама командалары беттешип, Палестина 4:0 менен утту. 3 турдан кийин төрт упай алган Филиппин 2-орунду ээлеп тандоо оюндарынан четтеди. Бул беттештин жыйынтыгы менен Филиппинден жогорку упай алган 2-орундагы беш курамага Азия кубогуна жолдомо алууга жол ачылды.

Футбол боюнча Азия кубогунун акыркы тандоо оюндары алты тайпада өтүп жатат. Мелдештин жыйынтыгында тайпанын алты лидери жана экинчи орундагы беш мыкты команда финалдык бөлүккө чыгат. 15-июнга караган түнү боло турган А тайпасындагы Индонезия жана Непал курамаларынын беттешинин жыйынтыгы менен акыркы жолдомого ээ болгон 11 команда толук белгилүү болот. Буга чейин Иордания (9 упай), Палестина (9 упай), Өзбекстан (9 упай), Таиланд (6 упай), Индия (9 упай), Гонконг (6 упай), Тажикстан (7 упай), Кыргызстан (7 упай), Бахрейн (9 упай)жана Малайзия (6 упай) Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышкан. Азия кубогуна 24 команда катышат.

13 команданын тизмеси былтыр тандоо оюндарынын 2-раундунда белгилүү болгон. Алар: Жапония, Сирия, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кытай, Ирак, Оман, Вьетнам жана Ливан.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу). Кийинки мелдеш 2023-жылы Кытайда болот.

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешет

Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттешет. Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

“Азаттык” билдиргендей, бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңди.

Ушул тапта F тайпасында Кыргызстанда да, Тажикстанда да алтыдан упай бар. Бирок Кыргызстандын курама командасы гол киргизген жана өз дарбазасына өткөрүп жиберген топтордун айырмасы боюнча Тажикстандын курамасынан кийинки экинчи орунду ээледи.

Турнирдик жадыбал көрсөткөндөй Кыргызстандын алты упайы тайпадан чыгууга кепилдик бербейт.

Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштаган. Ага чейин 16 команда болчу.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышкан. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Кыргызстандын футбол союзу күйөрмандарга кайрылып стадионго дин, расалык, этникалык жана улут аралык кастыкты козуткан, оюндун катышуучуларын мазактаган ар кандай материалдарды алып келүүгө тыюу салынганын эскертти.

Бишкек шаарында кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандагы футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргызстандыктарды жана алдыңкы спортчуларды бул маанилүү дата менен куттуктады. Ал ата мекендик футболчулардын чеберчилигин жана жетишкендиктерин белгилеп, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы өлкөдө спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилеп, футболду мектептен баштап университеттерге жайылтуу Кыргызстанды дени сак улуту бар күчтүү мамлекетке айландырат деген оюн билдирди. Ал өлкөнүн спорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаровго фрунзелик «Алга» клубунун ардагерлеринин кол тамгалары коюлган эстелик топ, ошондой эле кыргыз футболунун тарыхын архивдик сүрөттөр менен камтыган альбом тапшырылды.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров жаш футболчулар менен учурашып, сүрөткө түштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ФИФАнын Президенти Джанни Инфантино да видеобайланыш аркылуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Меню