Menu

Хабиб Нурмагамедов

Адилет Айтикеев, активист: "Ай кыргыздар, Хабиб ким? Олимпиада чемпионубу? Көрсө Дагестандан чыккан мушташчыл жигит экен, анда эмнеге жабалактап артынан чуркайсыңар? Улуттук намыс кайда калган?"

Белгилүү активист Адилет Айтикеев Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасы аркылуу кыргыз коомчулугуна кайрылды:
“Ай кыргыздар! Бизде улуттук намыс кайда калган? Баарыңар жабалактап Хабиб эле Хабиб деп жүрөсүңөр. Ал ким? Дүйнөлүк Олимпиада чемпионубу? Же Кыргызстандын атынан кайсы бир мелдешке чыгып дүйнөнү багынтып келдиби? Балким ал Кыргызстанда төрөлгөндүр? Аа, андай эмеспи? Анда эмнеге жабалактайсыңар? Хабибди Кыргызстан менен эмне байланыштырат? Мусулманбы? Анда 1,5 миллиард мусулмандын арасынан чыккан жүздөгөн, миңдеген мушкерлер бар! Баарына тең карагыла андай болсо…
Бизде улуттук намыс деген барбы? Ай ушу Хабибге көрсөткөн сыйды Айтматовго көрсөткөнүңөрдөн шегим бар! Ушу баланы сыйлагандай кылып Кыргызстандан чыккан алгачкы космонавт Салижан Шариповду сыйладыңарбы? Негедир байкалбайт.
Хабибди мен күрөш, балким жок дегенде бокс боюнча чемпион болсо керек деп ойлоп жүрүпмүн. Көрсө ал Орусиянын Дагестанынан чыккан мушташчыл жигит экен. Албетте, катуу мушташат экен. Бирок, биз мыкты мушташкандарды жабалактап даңазалап жүрүп 21-кылымда жаштарды жаңычылдыкка, билимге, компьютердик технологияга, таза эмгекке үгүт кылуунун ордуна кызыл жиндиликке, зоомбулукка үндөп жаткан жокпузбу? Келе жаткан жаңы муундар арасында “аа, илим-билим алып башты оорутуп отурбай эле мушташып тирилик кылса болот турбайбы” дегендерди көбөйтүп жаткан жокпузбу?”
Меню