Чүй ОИИББнын кызматкерлери тарабынан тыюу салынган экстремисттик материалдырды таркатууга шектелип, Талас облусунун жашоочусу кармалды.
Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында интернетте социалдык колдонуучулардын бири Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз карашына окшогон материалдарды жарыялагны аныкталып, бул факты 2021-жылдын 15-октябрь
күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, жарыяланган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде ал тыюу салынган Хизбут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон материал экендиги аныкталган.
Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан жогорудагы интернет колдонуучунун өздүгү аныкталып, ал 1971-жылы туулган Ш.Л. Талас облусунан кармалган.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.