Menu

Х.Абдуганиев

Видео - УКМК: Аткезчиликке каршы күрөшүүдө УКМКнын аракетсиздиги боюнча Х.Абдуганиев чагымчыл билдирүү жасаган

КР УКМК органдары тарабынан Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тилкелеринде контрабандалык товарларды алып кирүүнүн жана алып чыгууну алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө контрабандалык иштер токтотулуп жатканы байкалууда. 

Ошол эле учурда, чек аранын эки тарабындагы калктын массалык түрдө мыйзамсыз иштерге барышынан улам, көп сандагы чек ара тилкесиндеги ачык жерлердин тактала электигинен улам, аткезчилик фактылары дагы эле уланууда.

Маалыматтарга ылайык, мындай кылмыштардын белгилүү бир бөлүгү шериктештик менен жөнгө салуу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдарынын камкордугунун натыйжасында да жасалгандыгын көрсөтөт. 

2021-жылдын 14-августунда “Түштүк” ыкчам бажысынын улук ыкчам кызматкери, капитан “Ж.Э.С” коштоосунда 23 тоннага жакын күрүч түрүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

КР УКМК тарабынан контрабандалык каналдарды жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга байланыштуу, көзөмөлдөө органдарынын кызмат адамдарынын Баткен облусунун аймагында аткезчилик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн адамдар менен кылмыштуу сүйлөшүү иштерин ишке ашырууга жол бербөөнүн натыйжасында, социалдык тармактардын тиркемелери аркылуу УКМК ишмердүүлүгүн негизсиз каралоо болуп жатат. 

2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Лейлек районунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Максат айылынын тургундары менен уюштурулган жолугушуусунда аткезчиликке каршы күрөшүүдө УКМКнын аракетсиздиги боюнча Лейлек районунун Бешкент айылынын тургуну Х.А.Абдуганиев тарабынан чагымчыл билдирүү жасалган. 

Кийинчерээк Х.Абдуганиев УКМКнын контрабандага каршы күрөшүүдө аракетсиздигине байланыштуу туура эмес билдирүү жасаганын, УКМКнын Баткен облусунда аткезчиликке каршы жүргүзүлүп жаткан активдүү иши тууралуу маалыматы жоктугунан улам билбей айткандыгын белгилеген. 

Бул уюшкан кылмыштуу топтор контрабандага каршы аракеттерди азайтуу үчүн УКМКнын аброюн түшүрүүгө, иштен алыстатууга аракет кылып жаткандыгын көрсөтүп турат. 

КР УКМК органдары Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасынын тилкелеринде товарларды мыйзамсыз ташуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү чараларды улантып жатат, өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү аткезчилик фактыларга чечкиндүү түрдө бөгөт коюуда.

Меню