Menu

Центерра Голд” компаниясы

Кумтөрдү Кыргызстандын толук көзөмөлүнө алуу үчүн бир нече техникалык жол-жоболор калды

Министрлер кабинети Кумтөр алтын кени боюнча Кыргызстан менен макулдашуунун шарттарын бекитүү тууралуу канадалык “Центерра Голд” компаниясынын чечимин колдоого алат.

Министрлер кабинетинин 26-июлдагы билдирүүсүндө Кумтөрдү кыргыз тараптын толук көзөмөлүнө алуу иштерин аяктоо үчүн бир нече техникалык жол-жоболор калганы жазылган.

25-июлда “Центерра Голд” компаниясынын акционерлери Кумтөр кени боюнча Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ачык акционердик ишканасы менен түзүлгөн келишимге байланыштуу резолюцияны жактырган.

Бул документ “Центерра” менен кыргыз тараптын ортосундагы жазында кол коюлган келишим күчүнө кириши үчүн талап кылынган шарттардын бири болчу.

Канадалык компаниянын маалыматына ылайык, келишим күчүнө кириши үчүн Онтарионун Жогорку Сотунун да акыркы чечими керек. “Центерра” тиешелүү документтер сотко 28-июлда жөнөтүлүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл 4-апрелде түз эфирде кайрылуу менен чыгып, “Центерра Голд” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлганын кабарлап, Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн айткан.

“Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык”, – деген Жапаров.

Ал “Центерра” өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болгонун, анын көлөмү болжол менен 11 млн. АКШ долларын түзөрүн билдирген. Мындан сырткары Кыргызстан тарапка рекультивациялоо фондунун 53 млн. доллар келерин айткан. Садыр Жапаров мындан тышкары “Центерра” АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болгонун белгилеген.

“Центерра” да Жапаровдун кайрылуусу башталган учурда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастаган. Компаниянын маалыматына ылайык, “Кыргызалтын” “Центеррадагы” 26% акциясын өткөрүп берет. 1-апрелге карата баасы 972 миллион Канада доллары деп эсептелген бул акциялар “Центерранын” колуна тийгенден кийин жоюлары айтылган.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд” компаниясы айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Соттук териштирүүлөр ушул убакка чейин уланып келген.

Меню